"Эркин-Тоо"

Жөө жүргүнчүнү сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен айдоочу кармалды

Жөө жүргүнчүнү сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 24-июлунда болжол менен саат 12:30 чамасында белгисиз айдоочу белгисиз автоунаа менен Юнусалиев көчөсү менен түштүк багытка бара жатып, «Бетон Сторесс 2» соода борборунун тушунан жөө өтмөктөн өтүп бара жаткан 2006-жылы туулган Т. А. аттуу кызды сүзүп, окуя болгон жерден белгисиз тарапка качып кеткен.

Натыйжада жол кырсыгынан жөө жүргүнчү жабыркап ооруканага жеткирилген.

Бул факты боюнча кайгуул кызматынын издөө бөлүмү ыкчам издөө иштерин жүргүзүп, кылмышка шектүү катары чет өлкөлүк номурлуу Хонда-Фит үлгүсүндөгү автоунаанын 2003-жылы туулган А. Н. аттуу айдоочусун кармашып, андан ары тийиштүү чара көрүү үчүн, Тергөө кызматына жеткиришкен.

 

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!