"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар Коом

Жаңы жылда салюттардан баш тартуу сунушталды

Экология министрлиги быйылкы жаңы жылда элди салюттардан баш тартууга чакырды.

Министрликтин билдиришинче, салюттар абага уулуу бөлүкчөлөрдү көп чыгарып, анын булганышына себепчи болот. Андан сырткары, пиротехникадан чыккан калдыктар тиричилик таштандыларын көбөйтүп, өрт чыгуу коркунучун жаратышы мүмкүн. Андыктан салюттун ордуна жарык инсталляцияларын же дрондук шоуларды колдонгон туура экени белгиленди.

Министрлик тиешелүү мамлекеттик органдарга, шаар мэрияларына жана жергиликтүү бийликке салюттардан баш тартууну камсыздоону сунуштап жатат.