"Эркин-Тоо"
Аба ырайы

Жакынкы күндөрү күн катуу ысышы мүмкүн

ӨКМдин маалыматына ылайык, 3-5-июль күндөрү Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында күндүн катуу ысышы болжолдонууда.

Чүй өрөөнүндө абанын температурасы 35…40°С, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында 36…41°С, ал эми Талас облусунда 33…38°Сге чейин жогорулашы мүмкүн.