"Эркин-Тоо"

Жалал-Абадда аянты 22 гектарды түзгөн заманбап базар курулат

Жалал-Абад шаарында 22 гектарды түзгөн заманбап базар курулат. Бул тууралуу  26-мартта президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев жана шаар мэри Эрнисбек Ормоковдун муниципалдык базардын соодагерлери менен болгон жолугушуусу учурунда белгилүү болду.

«Телтору» атмайданы базарга айландырылып, Жалал-Абад шаарындагы бардык базарлар бир жайга көчүрүлөт. Бул кадам шаардагы унаа тыгындарынын алдын алуу, башаламан жайгашкан базарларды иретке келтирүү жана шаар бюджетин толтуруу максатын көздөйт.

Ал эми буга чейин ачылган чакан муниципалдык базар кытайлык инвесторлор менен биргеликте электр автоунааларын чыгаруучу завод болуп, мындагы соодагерлерге да жаңы базардан соода жайлары бериле тургандыгы айтылды.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!