Жалал-Абаддан Баткенге 41 тонна гуманитардык жардам жөнөтүлдү. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, Баткен жерине Чаткал,Тогуз-Торо райондорунан жана Жалал-Абад шаарынан 41 тонна гуманитардык жардам жөнөтүлдү.
Ар бир район шаардан чогулган азык түлүк, кийим кечелер камтылган жүк саат 11:00 дө жолго чыкты.
3 күн ичинде Жалал-Абад облусунан 222 тонна гуманитардык жарадам чогултулуп өз дарегине жеткирилген.
Баткен ээлине болгон жардам берүү иштер дагы да болсо улантылат.