"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Жаманкулов: «Кыргызстандын ички дүң продукциясы 1,4 трлн сомго жетти»

Экономика илим изилдөө институтунун экономика жана өнөр жай бөлүмүнүн башчысы Анаркан Жаманкулов Бишкекте өткөн II Дискуссиялык клубунун жыйынында “Эркин-Тоо” гезитине өлкөнүн экономикалык абалы боюнча маалымат берди.

Анын айтымында, быйыл Кыргызстан экономикасында өсүш байкалууда. Жыл соңуна жакын ички дүң продукция 1 трлн 400 млрд сомго жетип, ай аягына чейин 1,5 трлн сомго жетиши күтүлүүдө. Экономиканын түзүмүндө кызмат көрсөтүү жана курулуш тармагы 49%ды, өнөр жай 16,6%ды, айыл чарба 14–15%ды түзүп жатат.

Жаманкулов быйыл 128 өнөр жай ишканасын ишке киргизүү пландалып жатканын белгиледи. Алардын ичинде кыш чыгаруучу заводдор, цемент өндүрүшү жана айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүчү жаңы ишканалар бар. Мындай өндүрүш объекттери негизинен Чүй, Ысык-Көл, Ош жана Манас аймактарында курулууда.

Ал туруктуу экономикалык өсүштү камсыз кылуу негизги маселелердин бири экенин баса белгилеп, бул багытта II Дискуссиялык клуб да маанилүү роль ойной турганын айтты.

«Азыр стратегиялык өнөр жай программасы жок. Эгер аны иштеп чыксак, өлкөнүн өнөр жайын мындан ары дагы натыйжалуу өнүктүрүүгө шарт түзүлөт», — деди Жаманкулов.