Жамилия Жаманбаева Кыргызстандын жаңы акыйкатчысы болуп шайланды.
Жогорку Кеңештин 48 депутаты анын талапкерлигин колдосо, 20 депутат Бакыт Рысбековдун талапкерлигине, бир депутат барына каршы добуш берген.
Жамилия Жаманбаева 1977-жылы Фрунзе шаарында туулган. Жогорку юридикалык билимге ээ.