Жаныбек Абиров: Сыйкырдуу таягы бар мэр келсе дагы көйгөйлөр дароо чечилбейт…
Өткөн аптада парламент депутаттарынын иш графиги шайлоочулары менен жолугушууга арналды. Аймактардагы шайлоочулардын бир катар көйгөйлөрүн угуу үчүн келген баш калаанын Ленин районундагы шайлоочулары менен жолугушуп жаткан эл өкүлү Жаныбек Болотбековичти көпчүлүктүн арасынан сөзгө тарттык.
Эмесе, кезегинде Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы болгон бүгүнкү эл өкүлүнүн маегине бирге назар салалы.
— Жаныбек Болотбекович, Ленин районунда мектеп, бала бакча, балдар аянтчасы баштаган социалдык имараттардын жетишсиздигинен башка дагы кандай көйгөйлөр бар экен? Шайлоочуларыңыз сизге кандай курч маселелердин айланасында кайрылышууда?
— Баш калаадагы эски аба майдандын аймагында балдар аянтчасынын ачылышына өзүңүз күбө болуп жатасыз. Шаар тургундары үчүн жакшы жаңылыктардын бири болууда. Бишкек шаарындагы Ленин району өлкөдөгү соңку административдик аймактык реформадан кийин жалпы Кыргызстандын аймагындагы калкынын саны боюнча эң чоң райондордун сап башында турат. Элдин саны көп болгон аймак болгон соң көйгөйлөр да ошончолук болот. Аталган райондо деле жалпы Бишкек шаарына мүнөздүү болгон коомдук транспорттун жетишсиздиги, абанын булганганы, өзгөчө жол тыгындары баштаган комплекстүү көйгөйлөр чечүүнү талап кылат. Дал ушул 3 көйгөйдү чечүү боюнча Бишкек мэриясынын атайын кабыл алган программасы бар. Бирок, бул көйгөйлөр дароо чечиле калбайт. Бул маселе жалпы шаардыктар менен конокторунун жол эрежесин сактоосу, биргелешкен жалпы аракеттери менен гана чечилет. Ал эми бала бакча менен мектептердин көйгөйү боюнча учурда баш калаабызга дагы 50 мектеп менен ушунча эле көлөмдөгү бала бакчанын жетишсиздиги бар. Бул өтө чоң көйгөй! Биз шаар ичинен социалдык имараттарды куруш үчүн жаңы жерлерди издебестен, калаа четиндеги аймактык реформанын алкагында Бишкекке кошулган жерлерибизге жаңыларын курушубуз зарыл. Ал эми шаар ичиндеги тээ совет доорунда курулган мектептерге кошумча окуу корпустарын куруп берүү менен көйгөйдү чечсек болот. Мындан тышкары шайлоочуларым мага шаардагы канализация, жол чырактарды орнотуу, жер мунапысы баштаган бир катар көйгөйлөргө көз салышымды өтүнүшүүдө.
— Жогорудагы сөзүңүздө Бишкек мэриясынын абанын булганышы, тыгын боюнча атайын комплекстүү программасы бар дебедиңизби? Азыркыдай жан кашайткан тыгында, кара түтүнгө чулганган бүгүнкүдөй шартта пайдасы тийбеген программанын качан пайдасы тийет деп ойлойсуз?
— Бүгүн ички миграциянын эсепсиз күч алышынан улам Бишкекте жашаган элдин саны 2 млн-го чамалады. Мындан тышкары шаардагы ички автоунаалардан сырткары алыс-жакындан күнүнө канчалаган унаалар кирип-чыгууда. Мындай шартта сиз атаган 2 көйгөй дароо чечилеби? Так кесе эле айтайынчы, Бишкекке колунда сыйкырдуу таягы бар мэр келсе деле жогорудагы 2 көйгөй дароо чечилбейт. Бир далайдан бери чырмап алган көйгөйлөрдү чечүү үчүн убакыт керек. Эң оболу алдыда Бишкектин айланасындагы чыгыш жана батыш айланма жолдору курулуп бүтсө, эгемендүүлүк алгандан бери быйылтан тарта жол кеңейтүү, жол айрылыштары боюнча олуттуу иштер аягына чыкса ошондо сезилерлик жыйынтыктар байкалат. Ошол эле Алматы, Москва баштаган ири шаарлар олчойгон каржылык казынасы менен жол тыгындарын чечише элек. Керек болсо аларда метро бар. Жол тыгын маселеси жеке эле Бишкек шаарынын эмес, жалпы дүйнө жүзүндөгү өнүгүп жаткан шаарлардын бир заматтын ортосунда чечиле калбаган эң чоң көйгөйү.
— Туура, маселе дароо чечилбейт деңизчи. А бирок, дал ушул жагдайга гана шылтап, “алакан жайып” отура берүү да канчалык деңгээлде негиздүү деп ойлойсуз? Ар кайсы шылтоону бетке кармап, маселени тигил же бул көрүнүшкө жабыштырып отура берүү жетекчиге мүнөздүү болбосо керек…
— Шылтап отурган эч ким жок. Бишкекте ошол эле жол маселеси боюнча олуттуу иштер болуп жатат. Айланма жолдордун курулушу жөнүндө эмнеге сөз кылбайбыз? Дагы айтам, көптөн бери үйүлүп калган маселелер бир чечим менен чечиле калбайт.
— Сиздин бул жааттагы көз карашыңыз түшүнүктүү. Эртеден берки кебиңизди тыңдасам мэр Айбек Жунушалиевдин аракети сиздин купулуңузга толгондой…
— Айбек Жанышбекович кимдир бирөөлөргө жакпашы мүмкүн. Жеке мен дагы шаар тургуну катары аны жетекчи, болгондо да уюштургуч катары сыйлап, аракетин колдойм. Биз эми анын ишин көрүп атабыз да. Эл өкүлү катары шаарлыктардын канчалаган көйгөйлөрү боюнча ага кайрылбайлы, ал маселеге эч качан жок дебестен жетекчи катары ишти дароо чечкенге киришет. Шаарлыктарыбыз дагы кайсы бир маселени дароо жетекчиге шылтабай, калаа үчүн ар кимибиз өзүбүзчө дагы салымыбызды кошушубуз керек.
Калыгул Бейшекеев