Жапониянын башкармалыгы өлкөдө дагы жер титирөөлөр катталышы мүмкүн экендигин эскертүүдө. Бирок алар элди мындай билдирүүлөрдөн улам дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырып, зилзала убагындагы эрежелерди так сактоого чакырууда.
Эске сала кетсек, үстүбүздөгү жылдын июнь айынын аягында Жапониянын аралдарында башталган жердин силкинүүсү улам-улам кайталанып олтуруп, жалпысынан 911 жолу жер титиреген.