Абалтан муундан муунга, атадан балага адамзаттын тарыхы, таржымалы, адабияты менен эсеп-чоту Китеп аркылуу берилип келген.
“Китеп адамдарды байланыштырат” деп залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматов айткандай, Китеп аркылуу бүткүл Адамзат бири-бири менен байланышып келет.
Артка калчайсак, мындан мурунку жылдарда, айрыкча токсонунчу жылдарда жан дүйнө баалуулуктарын мал дүйнө баалуулуктары сүрүп чыгып, Улуттук китепканага каттагандардын көбү базарга каттап, ак мармар капталган адеми, заңгыраган имараттын көркү кетип, босогосун чөп басып, аңгыраган окуу залдарында отургандар бирин-серин болуп калган. Учурга жараша элдин китепке болгон кызыгуусу азайып, рухий баалуулуктун кемтиги кадимкидей сезиле баштаган.
Мына ошондой учурда, тагыраак айтканда 2005-жылы Республиканын Улуттук китепканасына филология илимдеринин доктору Жылдыз Бакашова директор болуп дайындалды. Ал китепканага жетекчи болуп келген жылдарда китепканада жылытуу системалары иштебей, кышкысын болгону 8 градус гана жылуулук болгон. Жылдыз Бакашованын уюштуруучулугунун, эмгекчилдигинин натыйжасында аз убакытта китепкананын жылуулук системасы толугу менен оңдолуп, китепкана кызматкерлерине жана окурмандар үчүн эң жакшы шарттар түзүлүп баштаган. Китепкананын илимий потенциалы өсүүгө жол алып, координациялык илимий-методикалык борбор катары китепкананын ролу бекемделип, жаңы маалыматтык технологияларды өздөштүрүү жаатында китепкана алдыга арым таштай баштады.
Жылдыз Бакашова терең билими, дипломаттык жөндөмдүүлүгү, беттеген ишин аткарган өжөрдүгү, өзгөчө талапкөйлүгү аркылуу китепкананын эл аралык кадыр-баркын жогорулатуу жана анын эл аралык байланыштарын өркүндөтүү үчүн бир топ эмгек жасады. Атап айтканда, китепканада 37ден ашык эл аралык долбоорлор ишке ашырылды. Акыркы эле 15 жылдын ичинде Улуттук китепканада 15 миңден ашуун эл аралык, республикалык маданий, адабий иш-чаралар өткөрүлүп, бүткүл республиканын коомдук турмушунда маанилүү көрүнүш болуп калды. Китепкана ишин өнүктүрүү стратегиясы даярдалды. Эл аралык алака-байланыштар кеңейди, атап айтканда Япония Өкмөтүнүн Маданий грант боюнча долбоорун ишке ашыруунун алкагында кыргыз элинин документтүү мурастарын сактоо тармагында керектүү негиз түзүлдү, басмакана иштей баштады, ЮСАИДдин АРД/Чеки аркылуу ишке ашырылчу Коммерциялык укукту өнүктүрүү долбоору менен бирдикте окурмандардын кеңири чөйрөсү үчүн укуктук маалыматты жана информациялык системаларды чыгаруу жана таратуу үчүн фонду комплектиленди. Россиянын мыйзамдык базасынын укуктук ресурстар борбору, Качкындарга жардам борбору, чет элдик 17 маданият жана адабият борборлору ачылды, китепканага көптөгөн инвестиция тартылды.
Жылдыз Бакашованын демилгеси менен Кыргызстандын китепканаларынын билимди, илимди, маданиятты өнүктүрүүгө кошкон чоң салымын жана коомдун турмушунда китепканалардын ролун жогорулатуу зарылдыгын эске алып, 2008-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 27-майды “Китепканалар күнү” деп белгилөөгө токтом чыгарды. Ж.К.Бакашованын тубаса жетекчилик таланты, уюштуруучулук жеке демилгеси менен 2008-жылы Республиканын китепканаларынын I Форуму өткөрүлдү. Ошондон бери жыл сайын форум өткөрүлүп келет. Ал Улуттук китепканага Алыкул Осмоновдун ысымын ыйгаруу жөнүндө сунушту демилгелеп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Токтому менен алп акындын ысымын ыйгаруу чечими кабыл алынган. Бул – Улуттук китепкананын жамааты жана кыргыз эли үчүн тарыхый окуя болуп калды.
Ж.К.Бакашова өлкөнүн Улуттук китепканасынын жетекчиси катары эл аралык ИФЛА, БАЕ уюмдарынын, Түрк тилдүү өлкөлөрдүн улуттук китепканалар ассоциациясынын, ЭКОго катышкан өлкөлөрдүн директорлор кеңешинин активдүү катышуучусу болууга жетишти жана анын жетекчилиги менен Улуттук китепкана дүйнөнүн 40 мамлекетинин 112 китепканасы менен кызматташып келди.
Жылдыз Бакашова коомдук иштерди да аркалап келет, ал КТРКнын Байкоочулар Кеңешинин мүчөсү, төрайымы катары кыргыз телесинин өнүгүшүнө зор салым кошту. Кыргыз Республикасынын Китепканалар Ассоциациясынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы менен Эл аралык ЮНЕСКО Комиссиясынын мүчөсү, Нобель сыйлыгы боюнча Швед Академиясынын көз карандысыз эксперти болгон, Европа Шериктештигинин “Горизонт 2020”, «Горизонт Европа» илимий чоң Программалардын Кыргызстан боюнча Улуттук координатору катары иш алып барууда. Бул илимий Программа кыргыз окумуштууларына эл аралык конкурстарга катышып, гранттык долбоорлор менен иштөөгө мүмкүнчүлүк түзүп келет.
Көптөгөн мамлекеттик сыйлыктар менен кошо, илимдеги жана коомдук иштердеги жетишкен ийгиликтери жана эл аралык ишмердиги үчүн Якутиянын Саха Республикасынын “Тынчтыкты чыңдоо жана элдердин достугу” Ардак белгиси ордени, КМШнын Парламент аралык Ассамблеясынын “За заслуги в развитии культуры и искусства” Ардак белгиси менен, Россиянын Президенти В. Путиндин Указы менен Пушкин медалы, Түрксойдун Ж. Баласагын атындагы медалы, Франциянын эң сыйлуу Адабият жана искусство ордени жана Франция Сенатынын медалы, Россия Элчилигинин Ардак Грамотасы жана башка көптөгөн сыйлыктар менен менен сыйланган.
Жылдыз Бакашованын илим чөйрөсүндө эл аралык авторитети бийик. Европарламентте, Францияда, Германияда, Австрия, Греция жана Европанын көптөгөн өлкөлөрүндө, ошондой эле Америкада, Малайзияда, Сингапурда профессионалдык билимин жогорулатуу курстарында билимин жогорулаткан.
Бакашова Жылдыз Кемеловна, окумуштуу катары да илим-билим берүү тармагына да бараандуу өз үлүшүн кошуп келүүдө, ондогон монография, 130дан ашык илимий эмгектин автору, 45тен ашык илимий-популярдуу басылмалардын жооптуу редактору, илимий макалалары Казакстанда, Польшада, Россияда, Түркияда, Грецияда, Молдовада чыгарылган. Ж.К.Бакашова “Художественное мастерство Ч.Айтматова”, “Кыргыз журналистикасынын тарыхы”,“Сравнение и метафора в произведениях Ч.Айтматова”, “Журналистика жана коом”, “Основы этножурналистики”, “Айтматов Ааламы = Вселенная Айтматова: Библиографиялык энциклопедия”, «Кыргыз улуттук маданияты» энциклопедиясы, «Слово мыслителя» жана башка ондогон илимий жана илимий-методикалык эмгектердин автору.
Ооба, КМУнун филология факультетинин журналистика бөлүмүндө чогуу окуган курбубуз Жылдыз Кемеловнанын уюштуруучулук, жетекчилик, лидерлик сапаты ошондо эле байкалган. Көрсө, Жылдыз Ысык-Көлдөн чыккан акелердин эң кичүүсү Кыдыр акенин урпактарынан тура.
Ошол студенттик жылдарда Жылдыз көптөгөн аттандаштарын артта калтырып, 1980-жылдагы Москва олимпиадасына катышууга жолдомо алган. Анда Жылдыз 3-курста окуп, болгону 20 жашта болчу, дүйнөлүк иш-чарага татыктуу катышып келди. Бул Жылдыздын алгачкы ийгилиги эле.
Филология илимдеринин доктору, Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер Академиясынын мүчө-корреспонденти, профессор, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери, Эл аралык Айтматов Академиясынын академиги, Алыкул Осмонов атындагы адабий сыйлыктын лауреаты, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматынын 1-класстагы кеңешчиси, көрүнүктүү коомдук ишмер Жылдыз Бакашова айылдык мугалимдин үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Атасы Кемел Бакашов, кыргыздын мыкты таланттуу акындарынын бири, калың кыргыз журтчулугу Кемел Бакашовду кыргыз поэзиясында өзүнүн татыктуу орду бар элеттен чыккан элдик акын, журналист катары жакшы билет. Кемел Бакашовдун, мындан 60 жыл илгери жаралган сүйүүнүн, жаштыктын гимнине айланган “Он сегиз жаш” ыры бүгүнкү күндө да улам жаңырып, эл арасында ырдалып жүрөт. Обондун автору КР эл артисти Аксуубай Атабаев. Ал эми “Кыргыз жери” аттуу ырына чыгарылган обонду атактуу ырчы Болот Миңжылкиев айтылуу “Ла-Скалада” ырдап чыкканы, элибиз үчүн кандай сыймык болгон.
Кыз да болсо кыргызга эр жигиттей кызмат кылып, билеги жоон жигиттер, билими күчтүү кыз-келиндер менен сабакташ, насиптеш болуп, аруулук менен агедилдикти, пакизалык менен парасаттыкты, боорукерлик менен мээрмандыкты боюна сиңирип, көкүрөгүнө чөгөрүп, элим, жерим деп жүргөн курбубуздун өмүр таржымалы мына ушундай бараандуу да, сыймыктуу да.
ЭЛ КЫЗЫ
(Мамлекеттик жана коомдук ишмер
Жылдыз Бакашовага)
Ысмың Жылдыз, өзүң дагы жылдыздай,
Эл кыздары жакадагы кундуздай.
Эмгек менен “Элдин кызы” атандың,
Эмгек менен жылдарды оздуң бир тынбай.
Китеп Сарай – көздөрдү аччу Ак Сарай,
Ак Сарайга эмгек эттиң бир далай.
Залын ачтың Алыкулдун, Чыңгыздын,
О, ал залдар, көркөм жайлар о, кандай!
Чынар тургай, чырпык сайыш оңойбу,
Китеп Сарай көп жагынан оңолду.
Дүйнөгө да койбодуңбу таанытып,
Кыргызстандын – Китеп деген борборду!
А үйүңдө – асыл жарсың, энесиң,
Аялзаттын асылзаада бермети.
Акындардан өмүргө агып келгенсиң,
Акын ата Кемел Бакаш – перзенти.
Сыйлыктарың, сыймыктарың кут болсун,
Эл ишинде эсен болуп иштей бер.
Колдоосунда тагдыр айткан туу жолдун,
Коштой берсин кубанычтын ирмемдер!
Фатима Абдалова,
КР маданиятына эмгек
сиңирген ишмер
Роза Бектурова,
КР мамлекеттик кызматынын 1-класстагы инспектору