Жаш курак жеңишке тоскоол эмес
Отставкадагы милициянын генерал-майору Кемелбек Киязов Өзбекстандын Самарканд шаарында өткөн эл аралык марафондо өзүнүн жаш курак категориясында биринчи орунду ээледи. Ал 42,2 чакырымдык аралыкты 4 саат 7 мүнөт 12 секундда басып өтүп, алтын медалга татыды.
Мындан тышкары, Кемелбек Киязов «Түрк элдеринин марафондор альянсы» (TAN) программасын ийгиликтүү аяктады. Ал аталган альянстын алкагында 60 жаштан жогорку курак категориясында марафонду ийгиликтүү бүтүргөн Кыргызстандын алгачкы өкүлү болду. Бул жетишкендиги үчүн эстелик медаль, ал эми марафондук аралыкты багындырганы үчүн финишер медалы менен сыйланды.
Ошентип, спортчу Самарканд марафонунда жалпысынан үч медаль жеңип алды. Белгилей кетсек, бул анын 42,2 чакырымдык классикалык аралыктагы 15-марафону болду.
Кемелбек Киязов СССРдин спорт чебери Леонид Пыхтеевдин жетекчилиги алдында машыгат. Спортчунун айтымында, машыктыруучусунун тажрыйбасы жана насаатчылыгы анын ийгиликтерине чоң салым кошуп келет.
Ал бул жеңишин Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына, Чүй облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана ички иштер органдарынын түзүлгөндүгүнүн 102 жылдыгына арнады.
Эскерте кетсек, жакында Кемелбек Киязов III даражадагы «Манас» ордени менен сыйланып, «Чүй облусунун ардактуу атуулу» наамына татыган.
Анын спорттогу ийгилиги жаш курак чоң максаттарга жетүүгө тоскоолдук эмес экенин дагы бир жолу далилдеди.