Кыргызстандын бардык аймактарында катталган ызгардуу суукка байланыштуу Бишкек ЖЭБи күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. Кызматкерлер күнү-түнү бардык жабдуулардын иштешин көзөмөлдөшүүдө. Жылуулук тармагына +86 градус ысыктык берилип жаткандыгын «Электр станцияларынан» билдиришти. Ал Ош ЖЭБи керектөөчүлөргө +77 градус жылуулук берүүдө.