"Эркин-Тоо"

«Жерге мунапыс берүү жөнүндө» жобого өзгөртүү киргизилди

Министрлер кабинети «Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө» жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизди. Буга чейин президент Садыр Жапаров жерлерге мунапыс берүү процессин тездетүүнү тапшырган.

2023-жылдын 15-мартында жумушчу топ түзүлүп иш алып барууда.

Жаңы кабыл алынган жобого ылайык, жерге мунапыс берүү процесстери жеңилдетилет жана тездетилет. Жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүдө жарандардын сунуштары да эске алынганын өкмөттөн билдиришти.

Киргизилген өзгөртүүлөр: 

Арыз ээлерине кабарлоо убактысын кыскартуу, архитектуралык-пландоо документтерин жөнөкөйлөтүү, аларды даярдоону тездетүү жана комиссиянын кароосуна киргизүү максатында тиешелүү пунктар жаңы редакцияда берилди.

Жер мунапыс объектисине мурда катталган укуктар болгон учурда укукту мамлекеттик каттоо жөнүндө ченемдерди киргизүү зарылдыгына байланыштуу тиешелүү пункт жаңы редакцияда кабыл алынды. Мындай учурлар боюнча жаңы Жобо жер участогуна чектөө коюу менен укукту алдын ала каттоону ишке ашыруу болжолдонот.

Бул ченем жер мунапысынын объектилерин мамлекеттик каттоодон өтүү көйгөйлөрүн чечүүгө жол ачат, миңдеген жарандардын жерлерине мунапыс берүү боюнча арыздарынын комиссияларда кароосу бүтүп, чечимдерин жана мамлекеттик каттоо жөнүндө актыларын колдоруна тийүүсү тездетилет.

Ведомстволор аралык жумушчу топ жумушун улап, жер мунапысынын жүргүзүүсүнө тоскоолдук кылган дагы башка бөгөттөрдү жокко чыгаруу жана кыскартуу багытында ишин алып барууда.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!