"Эркин-Тоо"

ЖК депутаты Акылбек Түмөнбаев: “Максатым – мыкты мыйзамдарды жазып, өлкөнү өнүктүрүү”

Акылбек Түмөнбаев 1972-жылы 21-мартта Түп районунун Кең-Суу айылында туулган. Ж.Баласагын атындагы кыргыз улуттук университетинин юриспруденция факультетин жана К.Диккамбаев атындагы Дипломатиядык академияны аяктаган. Көп жылдар мамлекеттик салык кызматында, бажы, каржы полициясында иштеген. 2016-2021-жылдары КР Эсеп палатасынын аудитору болгон. 2021-жылдагы парламенттик шайлоого катышып, № 35 бир мандаттуу Ак-Суу шайлоо округунан депутат болуп шайланып келген.

— Акылбек Тогузбаевич, суроону адегенде эле сиздин атыңызды чыгарып, депутат боло электе дүң кылып ийген кудалыктан баштайлычы. Президентке кандайча кудасыз?

— Куда деген миң жылдык. Мен ар бир адамга, ата-энеге балдары үйлөнүп, куда күтүп, бактылуу жашашса экен деген чын жүрөктөн чыккан тилегимди билдирем. Биз Президент менен кудабыз, ага сыймыктанам. Мен 9 жашымда эң улуу агам Таалайбек менен жеңем (Президенттин эжеси) баш кошуп, бала-чакалуу, неберелүү болуп, бактылуу жашашты. Агам тилекке каршы, 2016-жылдын 3-сентябрында жол кырсыгынан кайтыш болуп кетти. Алар мага ата-энемдей эле болуп калышкан. Мен шаарга жаш кезимде эле келе бергем, айылга барганда алардын колунан чай ичем. Жеңемди абдан сыйлайм. Ал эми Президент Садыр Нургожоевичтин “30 жылдан бери сазга батып калган мамлекетти оңдоп, өнүккөн мамлекеттердин катарына кошом”,- деген аракетин, саясатын колдойм. Эгер туура эмес иштер болсо кайда болбоюн, өз оюмду ачык айтам. Мурдагы ажолордун тушунда “Президенттин кудасы, шопуру” деген күбүр-шыбыр сөздөр эл арасында дайыма айтылып келген, мен алардай эмесмин. Ушул күнгө чейин өз маңдай терим менен бала-чакамды багып, элим үчүн кызмат кылып келдим.

— Сиз “Ата-Мекен” партиясында жүрдүңүз окшойт?

— Буга чейин мурунку бийлик күчүндө турганда, мамлекеттик кызматтарда иштеп келгениме карабай оппозицияда болуп, “Ата-Мекен” партиясы менен парламентке аттандым. Ошондо бийлик кандай гана кысым кылбасын, республика боюнча 4-5 миң добуш алып бердим. Менин максатым – мамлекетти өнүктүрө турган мыкты мыйзамдарды жазуу. Буга чейин бир мандаттуу округдан депутат шайланса болоор эле деп ойлочумун, көпчүлүк да ушул пикирде болчу. Акыры 36 мандат бир мандаттуу округга берилгенде мен Ак-Суу шайлоо округунан талапкерлигимди коюп, утуп келдим. Мага мандатты эл берди, эми элим үчүн мыйзамдарды жазып, кызмат кылам. Мен кошоматчылыкты жаман көрөм. Өзүмдүн ой-пикиримди тайсалдабай айтып келгем, мындан ары да айта берем.

— Сиз Ак-Суу округунан депутат катары айтсаңыз, ал жерде орчундуу кандай маселелер бар?

— Ак-Суу, Түп райондору, Каракол шаары биригип, бир округ болгон. Бул аймак дыйканчылыкка абдан ыңгайлуу. 30 жылдан бери бийликтегилер элге жакшы жардам бере албай, кайра элден жер салыгын алып келишкен. Биздин жардамыбыз менен дыйкандардын жерге төлөөчү салыгы жоюлуп жатат. Муну жакында мыйзамдаштырып, биротоло чечип беребиз. Мындан сырткары, республика боюнча ата-энелер балдары үчүн телевизору, машинасы бар деген шылтоо менен жөлөк пулдарды ала албай келишкен. Бөлөк мамлекеттерде бала төрөлсө сүйүнчү пулун берет, бизде ар кайсы документтерди сурап, айласын кетирет. Биз жөлөк пулдарды берүү боюнча маселени алдыга жылдырдык. Мыйзамдар карама-каршы жазылган үчүн эл кыйналып келди, эми ушунун баарын кайра иштеп чыгуу талабы алдыда турат. Экинчи көйгөй, Ак-Суу, Түп райондорунда суук өзгөчө катаал болот. Кар да калың жаайт. Дыйканчылыкта, социалдык маселелерде көйгөйлөр толуп кеткен. Менин мыйзамдарымдын бири – Ак-Суу, Түп райондорун өзгөчө катаал шарттагы аймак катары сунуштап, кабыл алдыруу. Эл алдында да ушундай убада бергем, буюрса аткарылат деген чоң ишеничим бар.

Сымбат Максутова

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!