"Эркин-Тоо"
Статистика

ЖКККББ:  Эки сутка ичинде 5 миң 602 жол эрежесин бузуу аныкталды

7-8-март күндөрү өлкөдө 5602 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Жол кырсыктарынын жана жол эрежелерин одоно бузууларды алдын алуу максатында республиканын аймагында ЖКККББ кызматкерлери рейддик иш-чараларды өткөрүп жатышат.

Эки күн ичинде:

 — айдоочулар тарабынан ылдамдык чегинен ашып кеткендиги үчүн – 813; -тиешелүү документтерсиз унаа каражаттарын башкаргандыгы үчүн – 86;

— айдоочулук күбөлүгү жок ТС айдаганы үчүн – 18;

— ТК эксплуатациялоонун эрежелерин бузуу – 1938;

— ТК айдоочусу ыйгарым укуктуу органдардын кызматкерлеринин талаптарын аткарбагандыгы үчүн – 8;

— жөө жүрүүчүнүн жол эрежелерин бузгандыгы үчүн – 163;

— ТК түзүлүшүнө  өзгөртүүлөрдү киргизүү – 18;

— жол белгилеринин талаптарын аткарбаганы үчүн – 2164;

— айнектери караңгылатылган унааны башкаргандыгы үчүн – 12;

— мас абалында транспорт каражатын башкаргандыгы үчүн – 150;

— унаа токтотуучу жайга коюлду – 334 унаа.