Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун тынчтык орнотуу күчтөрү Казакстандан толук чыгып кетти. Бул тууралуу 19-январда Казакстан Коргоо министрлигинин Эл аралык кызматташтык департаментинин башчысы Олжас Хусаинов билдирди. Аскерлер 13-январдан баштап чыгарыла баштаган жана жараян 10 күнгө чейин созулары кабарланган эле.