"Эркин-Тоо"
Аба ырайы Жаңылыктар

ӨКМ шашылыш билдирүү таратты

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз министрлиги кабарлагандай, 2025-жылдын 8-августунда күтүлүп жаткан туруксуз аба ырайына байланыштуу Ысык-Көл жана Нарын облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү ыктымал.

Маалыматка ылайык, нөшөрлүү жаан-чачындан улам дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлүүдө. Адистер мындай кырдаал калк жашаган аймактар үчүн коркунуч жаратышы мүмкүн экенин эскертишүүдө.

ӨКМ жарандарды коопсуздук чараларын сактоого чакырып, төмөнкү сунуштарды берди:

  • Тоолуу райондордо эс алууну токтото туруу;

  • Жайгашкан жерлерди, короо-жайларды селден сактоо үчүн арыктарды тазалап, жээктерди бекемдөө.

Ошондой эле мекеме жарандарды кайсы бир кырдаалга кабылганда тез арада 112 кызматына кабарлоого чакырат.