Өзбекстанда аялдарга карата зомбулук учурларынын көбөйүшүнө байланыштуу сенатор Малика Кадырханова Аялдар жана үй-бүлө иштери комитетине атайын суроо жолдоду. Бул тууралуу Жогорку палатанын басма сөз кызматы маалымдады.
Расмий маалыматка ылайык, 2025-жылдын алты айында өлкөдө аялдарга басым жана зомбулуктун 48,3 миң фактысы катталган. Бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 121 пайызга жогорулап, орточо күнүнө 265 учур туура келет. Ошол эле мезгилде 930 аял кайрадан коргоо ордерин алууга аргасыз болгон.
Сенатор Кадырханова зомбулуктун себептерин аныктоо, алдын алуу чараларын күчөтүү, укук коргоо органдары менен кызматташууну жакшыртуу жана махаллаларда аялдарга карата зомбулукка таптакыр жол бербеген шарт түзүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу түшүндүрмө берүүнү талап кылды.
Маалыматка караганда, жыл башынан бери миңге жакын адам аялдарга кысым көрсөтүү же үй-бүлөлүк зомбулук жасаганы үчүн жазага тартылган. Алардын айрымдарына айып пул гана салынганы белгиленди.