Үч-Кошкон жатак мектебинде тамак-аштын шарты жакшырды (видео)
Жети-Өгүз районунун алыскы Үч-Кошкон айылындагы жатак мектепте окуучулар үчүн ысык тамак үзгүлтүксүз бериле баштады. Ашканага жаңы жабдуулар орнотулуп, азык-түлүк менен камсыздоо жакшыртылды.
Бул иш Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын колдоосу жана Орусия Федерациясынын каржылоосу аркылуу жүзөгө ашты. Мектепке заманбап ашкана жабдуулары жеткирилип, буудай уну берилди.
Долбоордун максаты — алыскы айылдагы балдардын ден соолугун чыңдоо, мектепте толук кандуу тамактануусун камсыз кылуу.
Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрациясы жана Оргочор айыл өкмөтү билим берүү мекемелеринде шарттарды жакшыртуу иштери улантыларын билдирди.