"Эркин-Тоо"

Өкмөттүн Ысык-Көлдөгү ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Мирбек Кожоев дайындалды

Тиешелүү буйрукка Министрлер кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов кол койду. Мирбек Кожоев буга чейин президенттик аппараттын мамлекеттик башкаруу саясаты жана уюштуруу-инспектордук иш бөлүмүнүн башчысынын орун басары кызматын аркалаган. Ал эми  облусту жетектеп жаткан Эльчибек Жантаев өз арызы менен кызматынан кетти.