ӨКМдин Сокулук району боюнча бөлүмүнүн Жарандык коргонуу бөлүмчөсүнүн башчысы, капитан Үсөнкан ЭРКИНБЕКОВ: “БАЛДАР ЧӨККӨН чөлмөк ТОПУРАК МЕНЕН ТОЛТУРУЛАТ”
Жакында эле 29-январда да Бишкектин Бакай-Ата конушунда 6 жана 9 жаштагы балдар эртең менен каналга түшүп, чөгүп кеткен. 2025-жылдын соңунда Бишкек Жылуулук электр борборунун техникалык каналына «Тазалык» ишканасынын үч кызматкери чөгүп кетип, каза болгон. Көп өтпөй 2-февралда Сокулук районунун Майское айылындагы көлмөгө 4 жаштагы 3 наристе чөгүп, чарчап калды.
Негизи эле сууга чөгүү, муз алдындагы сууга түшүп кетүү фактылары Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин эскертүүлөрүнө карабай байма-бай катталып турат. 2025-жылы жалпы 81 адам сууга чөгүп каза тапкан. Куткаруучулардын айтымында мындай учурлар жарандардын кайдыгерлигинен же эскертүүлөргө маани бербегендигинен улам болот. 3 наристенин сууга чөгүп кетиши да, тилекке каршы ушундай таризде болгону белгилүү болду.
Сокулук райондук Жарандык коргонуу бөлүмчөсүнүн башчысы, капитан Үсөнкан Эркинбеков:
– 2026-жылдын 2-февраль күнү Сокулук РИИБнын Жаңы-Жер МАБнын нөөмөт бөлүмчөсүнө Сокулук районунун Жаңы-Пахта айыл өкмөтүнө караштуу Майское айылында жайгашкан суу агуучу арык чөлмөккө 3 жашы жете элек балдар чөгүп кеткендиги боюнча маалымат келип түшкөн. РИИБнин кызматкерлери жерине барганда тилекке каршы Майское айылынын күн чыгыш тарабында жайгашкан суу агуучу арыктагы чөлмөккө 2021-жылы туулган 3 наристенин түшүп кеткени белгилүү болгон. Балдардын жансыз денелерин ата-энелери, туугандары Сокулук районунун Жаңы-Жер аймактык тез жардам ооруканасына алып барышкан бирок, дарыгерлер өмүрүн сактап калууга кеч болуп калганын билдиришкен.
Сууга чөккөн балдардын ата-энелери балдар көчөгө ойноп кетишкенде үйдө болушкан. Алардын сууга чөккөнүн кошуна балдар айтып келишкен. Бул фактыдан кийин Сокулук РИИБнын тергөө кызматы тарабынан тийиштүү чаралар көрүлүп, тергөө амалдары жүргүзүлдү. Балдар чөккөн арык-чөлмөктүн узундугу – 6–7 метр, тереңдиги – 1,5 метр болгон. Аталган суу көлмөгө кирбейт. Бул чөлмөктү жергиликтүү эл мал сугаруу үчүн жана айыл-чарба жерлерин сугаруу үчүн пайдаланып келишкен. Ал атайын ошол максатта курулган. Кырсык болгон жерде Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Сокулук райондук Суу чарба башкармалыгы менен биргеликте жеринде комиссия түзүлүп, Суу келүүчү каналдын суу киргүзүү/чыгаруу тосмосун оңдоп жана балдар түшкөн чөлмөктү топурак менен толтуруу боюнча актысы түзүлдү. Бул суу агуучу арык-чөлмөк Сокулук райондук Суу чарба башкармалыгынын балансында болгон.
ӨКМдин муздагы коопсуздук чаралары тууралуу эскертүүсү
Көлмөдөгү суунун бетиндеги муз 10 см калыңдыкка жетмейинче муз үстүндө коньки, лыжа тебүүгө болбойт. Муздан анын катуулугун текшерип туруп өтүү керек. Муздун калыңдыгы тузсуз сууда — кеминде 10 см, көлдө — кеминде 15 см болмоюнча музга чыгууга тыюу салынат. Муздун калыңдыгын бут менен тээп же бир нерсе менен (таш, таяк ж.б.у.с.) уруп текшерүүгө тыюу салынат. Топтошуп муздан өткөн убакта бири-биринин артынан 5-6 м аралыкта, алдыда бара жаткан адамды байкап жүрүү керек.
Атайын жасалган муз айдыңдарда гана коньки тебүүгө болот. Жалпы коньки тебүүгө калыңдыгы кеминде 25 см болгон музда гана уруксат берилет.
Муздун астынан балык уулоодо анча чоң эмес аянтта көп чөнөк жасоо, муз үстүндө секирүү жана чуркоо, топтошуу сунушталбайт. Ар бир балык уулоочуда 15-20 м узундуктагы бир учунда сыйыртмак, экинчи учунда 400-500 г массадагы атайын куткаруучу жип болушу керек.
ӨКМ жылдын кайсы мезгили экендигине карабай жарандарга коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча тынымсыз эскертүүлөрдү берип келет. Болгону ал эрежелер так сакталуусу кажет!
Жазгүл Кенжетаева