Өлкө аймагында акыркы жумада 18 миңден ашуун жол эрежеси бузулду

28-март, 2022-ж. / Редакция / Коом 33

Акыркы жумада республикада 18 миңден ашуун жол эрежесин бузуу аныкталды. Бул тууралуу ИИМдин ЖКККББ басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка караганда, жол кырсыктарынын жана жол эрежелерин одоно бузууларды алдын алуу максатында өлкөдө ЖКККББ кызматкерлери тарабынан рейддик иш-чаралар өткөрүлүп жатат. Соңку жумада республикада 18 миң 609 жол эрежесин бузуу аныкталды.

Алардын ичинен:
-айдоочулар тарабынан ылдамдык чегинен ашып кеткендиги үчүн — 2815;
-тиешелүү документтерсиз унаа каражаттарын башкаргандыгы үчүн — 232;
— унаа каражатын жараксыз айдоочулук күбөлүк менен башкаруу – 1;
— ТК эксплуатациялоонун эрежелерин бузуу – 6714;
— ТК айдоочусу ыйгарым укуктуу органдардын кызматкерлеринин талаптарын аткарбагандыгы үчүн – 14;
— Автоээнбаштык –2;
— жөө жүрүүчүнүн жол эрежелерин бузгандыгы үчүн – 641;
— ТК түзүлүшүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү – 88;
-жол белгилеринин талаптарын аткарбаганы үчүн –7200;
-айнектери караңгылатылган унааны башкаргандыгы үчүн — 34;
-мас абалында транспорт каражатын башкаргандыгы үчүн – 336;
-унаа токтотуучу жайга токтотулду – 909.

КР Ички иштер министрлигинин ЖКККББ жол кыймылы бардык катышуучуларына кайрылат:
Өзүңүзгө өтө ишенүү, жол эрежелерин билбөө жана башкаларга көңүл бурбай коюу көп учурда кайгылуу кесепеттерге алып келерин унутпаңыз. Бардык жол кыймылынын катышуучулары Жол кыймылынын эрежелеринин талаптарын билүүгө жана аткарууга милдеттүү жана жолдогу тартип ар бирибизден башталаарын унутпашыбыз керек!

28-март, 2022-ж. / Редакция / Коом 33
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X