ӨЛКӨ ТАГДЫРЫ “ПРЕЗИДЕНТ” ТАСМАСЫНДА

Жаңы 2026-жылдын кирип келээри менен эс алуу күндөрүндө журналист Айбек Бийбосуновдун “Президент” аттуу 4 сериядан турган даректүү тасмасы элге тартууланды. Азыр тасма социалдык баракчаларда жалпысынан 20 миллиондон ашык көрүүчү топтоп, кызуу талкууга алынууда. Эч кимге жашыруун эмес, коомчулук Айбек Бийбосуновду буга чейин көбүнчө оппозициялык маанайда жүргөн журналист катары таанычу. Андыктан сериалдын кандай өңүттө тартылгандыгы баарына кызык болуп турду. Бирок, анын биринчи бөлүгүнөн эле 2020-жылдан кийин өлкөнү жетектөө тизгинин колго  алган Садыр Жапаровдун командасынын мамлекетти өнүктүрүү үчүн жасаган иш-аракети көрсөтүлүп, Президенттин ишине “мыкты” деген баа берүүдөн башталды. Демек, Айбектин бул кадамын Президент Садыр Жапаровдун феноменине баш ийип,  жасалып жаткан иштерге баа берип, тана албай калгандыгы деп билсек болот.

Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн тарыхында Кумтөр кени тууралуу кандай гана талаш-тартыштар болгон эмес. Анын Кыргызстандын тагдырын ойлоп койбогон мурдагы бийлик ээлеринин башкаларга бекерге тарттырып жибергендиги тууралуу тарыхый фактылар толтура. Мына ушул маанилүү ишти башка нукка буруп,  Кумтөрдү Кыргызстанга 100% кайтарып алуу — эгемен тарыхыбыздагы эң маанилүү, эң чечкиндүү кадамдардын бири болгон. Анүчүн Садыр Жапаров өз башын сайып, саясий куугунтуктун курмандыгы да болгондугу 1-серияда чагылдырылган. Дегеле, бул сериал акыркы 5 жылдыкта сезимтал жана тарыхый жактан маанилүү маселелерди Садыр Жапаров баш болгон бийлик диалог, ак ниет мамиле жана өз ара сый-урматтын негизинде чечип, мамлекетти өнүктүрүүгө болгон чыныгы аракети көрсөтүлүптүр.

Жеке мен үчүн 2-серия терең таасир калтырды. Тасмадагы кадрлар, Президент Садыр Жапаровдун кыргыз-тажик чек арасын чечүүдөгү кылдат, ошол эле учурда чечкиндүү аракети, мурда айтылбаган тарыхый маанилүү учурлар көрүүчүнү кайдыгер калтырбайт.

2025-жылдын 15-декабрында Бириккен Улуттар Уюмунун Тынчтык орнотуу комиссиясынын жыйыны өтүп, анда Кыргызстандын, Тажикстандын жана Өзбекстандын чек ара маселелерин жөнгө салууда жетишкен жыйынтыктары жогору бааланган. Бул жетишкендик Президент Садыр Жапаров жана УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин бекем саясий эрки жана дипломатиялык иш-аракеттеринин негизинде болгондугун эч ким төгүндөй албайт. Анткени, буга чейин Кыргызстандын башында турган бир да бийлик төбөлдөрү чек араны чечүүгө белсене алган эмес. Азыр эл аралык коомчулук да бул аракеттерди сезимтал маселелерди жөнгө салуунун үлгүсү катары  белгилеп жүрүшөт.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек ара көйгөйү ондогон жылдар бою аймактагы эң татаал жана оор маселелердин бири болуп келген. Жер, суу жана жолдор боюнча тирешүүлөр жергиликтүү калкты чыңалууга алып келип, айрым учурларда куралдуу кагылышууларга чейин жеткен. Өзгөчө 2021-2022-жылдары ири жаңжалдар чыгып, адам өмүрү кыйылып, миңдеген тургундар эвакуацияланган. Ошол окуялар азыркы өлкө жетекчилеринин куралдуу күчтөрдү чыңдап, Орто Азиядагы башка мамлекеттер менен тең ата сүйлөшө алууга жеткирүүгө алып барганы мыкты көрсөтүлгөн.

Саясий дипломатиялык сүйлөшүүлөр, чечкиндүү кадамдар, кыйын учурда абалдан чыгуу, чыныгы көсөмдүк кандай болоору дал ушул 2-серияда мыкты баяндалган. Социалдык тармактарда 2-серияны көргөндөрдүн көпчүлүгү көзүнө жаш алып көргөндүгүн айтышты.

Ал эми 3-4-бөлүк  мамлекет башында турган башчылардын өз тагдырынан мурда өлкөнүн тагдырын ойлоп, өз коопсуздугунан да элдин коопсуздугу маанилүү экендигине басым жасагандыгы көрсөтүлгөн. Экономикалык өсүш эмненин эсебинен болуп, анүчүн тамыры терең кирген коррупциялык көрүнүш, уюшкан кылмыштуулук менен болгон күрөш кандай жүргөнү баяндалган. Өлкөнү өргө сүрөй турган Кыргыз–Кытай–Өзбекстан темир жолунун башталышы да тарыхый кадам болгондугу кеңири баяндалган. Тасмада беш жыл аралыгында Президент Садыр Жапаров Мамлекет башчы катары далай жолу сыналып, жакшы жыйынтыкка жетүү үчүн далай жолу уйкусуз түндөрдү өткөргөнү кызыл сызык менен өтүп олтурат. Жада калса элдин жүгүн аркалоодо  аз убакытта Президенттин чачын ак аралап калганына чейин даана көрсөтүлгөн.

“Манас” улуттук академиясынын Эл аралык байланыштар секторунун башчысы, PhD доктор Дабыт Абдылбары уулу:

— Айбек Бийбосуновдун “Президент” тасмасынын 3 сериясын көрүп чыктым. Буга чейин анын “Каракыз” аттуу тасмасын көргөм. Даректүү тасма жаратууда Бийбосуновдун тажрыйбасы бар үчүн “Президент” тасмасы да жакшы тартылыптыр. Ал Президент Садыр Жапаров менен чын ыкластан, табигый, жөнөкөйлүк менен сүйлөшүптүр. Тасманы көрүп отуруп, анда кыргыз мамлекетинин бекемделиши, өргө карай кадам коюшу, бурулуш түйүндөрү таамай ачып берген учурлар чагылдырылганын байкадым. Ага катышкан каармандар да өтө маанилүү маалыматтарды ачык айтып берип, тарыхый окуяларды элдин эсине салышыптыр. Мамлекеттүүлүктү бекемдөөдө тынымсыз, минут, секунд сайын күрөш менен иш жүзүнө ашары көрсөтүлүптүр. Эл башчылары чын ыкластан, агадилдик менен элим-жерим деп, башын канжыгага байлап күрөшкөн учурда гана мамлекеттүүлүк сом алтындай уюп, түбөлүктүү боло тургандыгы тасманын берейин деген негизги идеяларынын бири экендигинде шек жок. Мен сериалды көрүп, качан гана көсөм лидерлер өзүнүн тагдырын мамлекеттин, өлкөнүн тагдыры менен бир сызыкка бириктире алганда гана өлкө өнүгөт экен деген жыйынтыкка келдим.

Манас Осмон, журналист:

– Тасма 30 жылдан бери ишеничи тепселенген кыргыз коомчулугунун абалын чагылдырган. Ошол 2020-жылы эл эски бийликти кууп, өлкө жоопкерчилигин Садыр Жапаровго жүктөйт. Тасма ошол жылдан баштап президенттин оңой эмес иш-аракетин, эл аралык мамилелерди калыбына келтирүүдөгү эркин, коррупция менен күрөшүүдөгү кайраттуулугун баяндайт.  Айбек Бийбосунов муну менен Садыр Жапаровду мактаган жок. Элдин ишеничин, үмүтүн баяндады. Жүдөгөн, адилеттик издеген, таланып-тонолгон элдин муңун тартты. «Элдин жалгыз ишеничи» катары сыпатталган Садыр Жапаров кыска мөөнөттө элди бириктирип, коомдун чириген бөлүгүн тазалап жатканын туюнтат. Менимче, Айбек Бийбосуновдун, тарткан даректүү тасмасын сындабай, кайра, коомдун ички туюмун кеңири анализдеп бергени үчүн ыраазычылык билдиришибиз керек.

Жазгүл Кенжетаева

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X