Өлкөдө 1205 адам алимент төлөөдөн качып, издөөгө алынды

22-январь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 79

Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, алимент төлөөдөн качкан 1205 карызкорго издөө жарыяланып, алардын аткаруу өндүрүшү убактылуу токтотулган.

2025-жылы алимент төлөөдөн системалуу түрдө качкандарга байланыштуу 1 124 материал ИИМге жөнөтүлгөн. Натыйжада 280 карызкорго айып пул салынган, 63 адам коомдук жумуштарга тартылган. Ошондой эле айрым материалдар кыскартылып же кароодо калууда.

Өткөн жылы алимент боюнча жалпысынан 690 млн 541 миң сом өндүрүлгөн.

Башкы прокуратура алимент төлөбөгөндөргө карата чараларды күчөтүүнү сунуштап, жаңы мыйзам долбоорун демилгеледи. Анда алименттик карыз үчүн камакка алуу, коомдук жумуштарга тартуу жана эркинен ажыратуу жазалары каралган. Мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин комитетинде биринчи окууда жактырылды.

Башкы прокуратуранын өкүлдөрү белгилегендей, сунушталган өзгөртүүлөр алимент өндүрүү механизмин күчөтүп, карызкорлорду мажбурлап ишке орноштурууну жана кирешесинен балага акча бөлдүрүүнү көздөйт.

22-январь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 79
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X