Өлкөдө сел, суу ташкыны жана көчкү коркунучу бар тилкелер аныкталды
Бүгүнкү күндө Кыргызстан боюнча 11 миң 388 кооптуу аймак аныкталган. Бул тилкелерде сел, суу ташкыны же жер көчкү сыяктуу табигый коркунучтар болушу мүмкүн.
Адистердин маалыматына караганда, 2025-жылы кооптуу табигый процесстерди аныктоо максатында 1932 изилдөө иши жүргүзүлгөн. Анын жыйынтыгында жергиликтүү бийлик органдарына 405 атайын эскертме берилип, 1236 корутунду чыгарылган.
Ал эми 2026-жылга карата сел, суу ташкыны жана жер көчкү коркунучу кайсы аймактарда жогору экени көрсөтүлгөн атайын карталар түзүлдү. Бул карталар алдын ала коопсуздук чараларын көрүүгө жардам берет.
Ушуга байланыштуу облустук башкармалыктарга мүмкүн болгон коркунучтарга даярдык көрүү тапшырылды. Анын ичинде калкты эртерээк кабардар кылуу, тобокелдиктерди баалоо жана кооптуу аймактарда алдын алуу иштерин жүргүзүү каралган.