Өлкөдө жөлөк пул алуучулардын саны азайды

1-декабрь, 2025-ж. / Редакция / Жаңылыктар 88

Кыргызстанда 2025-жылдын 1-ноябрына карата 108,4 миң жаран ар айлык социалдык жөлөк пул алууда. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, жөлөк пул алуучулардын саны өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу (108,7 миң) 0,2%га азайган.

Министрликтин маалыматы боюнча, ар айлык социалдык жөлөк пул пенсиялык камсыздандырууга укугу жок, эмгекке жарамсыз жарандарга дайындалат. Алардын катарына төмөнкүлөр кирет:

  • 18 жашка чейинки майыптуулугу бар балдар;

  • ата-энесинин биринен ажыраган балдар;

  • ата-энесинин экөөнөн тең ажыраган балдар;

  • бала кезинен майыптыгы бар адамдар;

  • жалпы оорудан улам майыптыгы барлар;

  • баатыр энелер;

  • улгайган жарандар.

Социалдык жөлөк пулдун өлчөмү категориясына жараша 2 000 сомдон 8 000 сомго чейин жетет. Учурда өлкө боюнча ар айлык жөлөк пулдун орточо өлчөмү 6 344,7 сомду түзөт.

Министрликтин маалымдашынча, 2025-жылдын 1-ноябрына карата социалдык жөлөк пулдарды төлөөгө 7,2 млн сом жумшалган.

«Мыйзамга ылайык, айрым аймактарда жашаган жарандарга жөлөк пулдун өлчөмү белгиленген райондук коэффициенттерди колдонуу менен эсептелет», — деп кошумчалады министрлик.

1-декабрь, 2025-ж. / Редакция / Жаңылыктар 88
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X