Өрт чыкканда 101 жана 112 номурларына чалыңыз!
Бишкек шаары жылдан-жылга өнүгүп, аймагы кеңейүүдө. Жаңы курулуштар пайда болууда. Ар бир үй, батир электр энергиясын пайдаланат. Буларга болгон талап жылдан-жылга өсүүдө.
Ушулардын бардыгынын жакшы жагын эске алуу менен бирге батирлердин көптүгүнөн электр энергиясына жана газга болгон талап көбөйүп, өрт чыгуу коркунучун пайда кыларын да айта кетүүбүз абзел. Анткени тажрыйба көрсөткөндөй көп учурда адамдар өзүлөрү катачылык кетирет.
Өрт көбүнчө мекемелерде эмес, жеке үйлөрдөн чыгат.
2026-жылдын бир айынын ичинде Бишкек шаарынын Свердлов району боюнча 14 өрт кырсыгы катталып, өрт кырсыгынын кесепетинен 1 415 672 сом материалдык чыгым болгон.
Жеке үйлөрдүн ээлери кышкы мезгилде от жагылуучу мэшти карап, текшерип чыгуусу абзел.
Ошондуктан, эгерде сиз өрттү байкасаңыз 101 жана 112 номерлерине телефон чалыңыз. Өзүңүздүн аты-жөнүңүздү айтып, дарегиңизди так билдириңиз.
Эскертмени жарыялаган:
Муратаалы уулу Рысбек,
Бишкек шаардык Свердлов району боюнча
Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн
Өрттү өчүрүү жана алдын алуу
бөлүмчөсүнүн улук офицери, капитан