Өткөн 2024-жыл эң жылуу жыл болду

14-январь, 2025-ж. / Редакция / Жаңылыктар 46

2024-жыл дүйнөдөгү аба ырайын байкоо тарыхындагы эң жылуу жыл болду. Бул тууралуу Климаттын өзгөрүшүнө мониторинг жүргүзүү боюнча Европалык «Коперник» кызматы билдирди.

Өткөн жылы орточо дүйнөлүк температура биринчи жолу 1850-1900-жылдардагы өнөр жайга чейинки деңгээлге салыштырмалуу 1,5 градустан ашык жогорулаганы белгиленген.

2023-жылдын аягына карата температура 1,48 градуска жогорулаган. Ошентип, акыркы он жылдык тарыхта эң жылуу болуп калды.

Эксперттердин айтымында, былтыркы температуранын жогорулашына адамдын аракети, ошондой эле Эль-Ниньо сыяктуу табигый аба ырайынын кошумча салымы себеп болгон.

14-январь, 2025-ж. / Редакция / Жаңылыктар 46
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X