Өзбекстанда алгачкы жолу океанариум ачылды (фото)

22-март, 2022-ж. / Редакция / Дүйнө 56

Борбор Азияда биринчилерден болуп Ташкент шаарында океанариум ачылды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазып чыкты.

«Сыйкырдуу шаар» аталыштагы эс алуу борборунда курулган океанариум жоголуп кеткен тарыхтагы Атлантида шаарына окшоштурулуп жасалган.

Анда эс алуучулар өздөрүн океандын астында жүргөндөй сезүүсү үчүн узундугу 20 метрге жеткен тоннель орун алган. Тереңдиги 3,8 метр. Жарандар океанариумду кыдыруу менен жүздөн ашык балыктын түрүн жанынан көрө алат.

 

22-март, 2022-ж. / Редакция / Дүйнө 56
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X