"Эркин-Тоо"

Өзбекстандын аймагында издөөдө жүргөн жаран Оштон кармалды

 Ош облусунун аймагында Өзбекстанда издөөдө жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМК кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн издөөнүн жүрүшүндө Өзбекстандын Андижан облусунун 1973-жылы туулган К.Ш.Т. аттуу жараны кармалган.

Ал Өзбекстандын аймагында диний-экстремисттик иштерге аралашкандыгы, ошондой эле Өзбекстандын конституциялык түзүлүшүнө кол салгандыгы үчүн издөөдө жүргөн.

Учурда кармалган жаран Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын №5 тергөө абагына киргизилген.

Пример HTML-страницы