№13 округдагы кайра шайлоо: 3 талапкер арыз берди
Борбордук шайлоо комиссиясы №13 округдагы кайра шайлоого катышууну каалаган жарандардын арыздарын кабыл алууда. Бүгүнкү күнгө карата 3 жаран шайлоого катышуу ниетин билдирип, БШКга арыз берди. Алар:
Арстанбеков Акылбек Советбекович — «Кыргызстан» топтолмо пенсиялык фонду, кеңештин төрагасы;
Маматаев Эркинбек Садирбекович — убактылуу иштебейт;
Асанов Уланбек Жалалович — «Виртуалдык активдер эмитенти» ААКсынын директорлор кеңешинин төрагасы.
Эске салсак, БШК Жалал-Абад облусунун №13 округундагы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган. Мекеме аталган округда шайлоо бир ай ичинде кайра дайындаларын, мурдагы 14 талапкер кайра катыша албастыгын билдирген. Шайлоо талапкерлердин документтери 29-январга чейин кабыл алынат. Ал эми шайлоо ушул жылдын 1-мартында өтөт.
№13 шайлоо округу Масы айылы. Шайлоочулардын саны 159 миң 906. Шайлоо округуна Базар-Коргон шаарындагы №2423, 2428, 2140, 2141 шайлоо тилкелери, Кеңеш, Арстанбап-Ата, Сайдыкум айыл аймактары кирди.