№13 округдагы кайра шайлоого 21 жаран арыз тапшырды

26-январь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 46

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясында 2026-жылдын 1-мартында өтө турган №13 округдагы кайра шайлоого катышуу ниетин билдирген жарандардан арыз кабыл алуу жүрүп жатат.

Учурда БШКга 21 жаран арыз берди. Алардын аты-жөнү, иштеген жери жана туулган жылы төмөндөгүдөй:

  1. Арстанбеков Акылбек Советбекович – «Кыргызстан» Топтолмо пенсиялык фонду, кеңешинин төрагасы, 1965-жылы туулган.

  2. Маматаев Эркинбек Садирбекович – убактылуу иштебейт, 1972-жылы туулган.

  3. Асанов Уланбек Жалалович – «Эмитент виртуалдык активдер» ачык акционердик коомунун директорлор кеңешинин төрагасы, 1970-жылы туулган.

  4. Асамудинов Бактыбек Асанович – Кыргыз Республикасынын адвокатурасынын мүчөсү, 1966-жылы туулган.

  5. Калматов Токторали Калдарович – жеке ишкер, 1976-жылы туулган.

  6. Чолпонов Уланычбек Калдарбекович – Базар-Коргон электр тармактар ишканасынын жетекчиси, 1981-жылы туулган.

  7. Матсаков Кадырбек Мусаевич – жеке адвокат, 1977-жылы туулган.

  8. Абдыразакова Гульнара Пазылжановна – Бажы кызматынын Түштүк региону боюнча бөлүм башчысы, 1976-жылы туулган.

  9. Мацаков Бакыт Калбаевич – «БОУЛ» жоопкерчилиги чектелген коомунун директору, 1989-жылы туулган.

  10. Эгембердиев Арсланбек Абдыкайымович – убактылуу иштебейт, 1978-жылы туулган.

  11. Базаркулова Нурсыйда Манасовна – Ж. Боконбаев атындагы жатак мектебинин мугалими, 1973-жылы туулган.

  12. Чомоев Алмазбек Алтынбекович – жеке ишкер, 1979-жылы туулган.

  13. Базарбаев Каныбек Сүйүнүчбекович – Майлуу-Суу шаардык ДМЧА коомунун жетекчиси, 1969-жылы туулган.

  14. Мансуралыев Залкарбек Медетбекович – «Кыргыз Петролеум Компани» жабык акционердик коомунун юристи, 1998-жылы туулган.

  15. Исраилжан уулу Өсөрбек – убактылуу иштебейт, 1992-жылы туулган.

  16. Койчуманова Нуркан Кадыровна – Кыргыз Улуттук жазуучулар союзунун Жалал-Абад облустук бөлүмүнүн төрайымы, 1967-жылы туулган.

  17. Нуриев Кубан Бактыбаевич – Базар-Коргон районунун Ардагерлер кеңешинин төрагасы, 1970-жылы туулган.

  18. Атабекова Кызжибек Азимжановна – «ГермесКом» жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору, 1978-жылы туулган.

  19. Темирбаева Махсудахан Юлчиевна – №50 «Эл Нуру» балдар бакчасынын директору, 1963-жылы туулган.

  20. Мурашев Нурбек Мурпазылжанович – убактылуу иштебейт, 1975-жылы туулган.

  21. Абдималиков Уланбек Абдималикович – «Эко Униформ» жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору, 1991-жылы туулган.

БШКнын маалыматына ылайык, кайра шайлоого катышуу ниети жөнүндө арыздарды кабыл алуу 2026-жылдын 29-январында саат 18:00дө (кошуп алганда) аяктайт.

26-январь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 46
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X