№13 округдагы кайра шайлоого 31 талапкер арыз берди

29-январь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 72

БШКнын маалыматына ылайык, 2026-жылдын 1-мартында өтө турган №13 округдагы Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоого 31 жаран арызын таштады.

Арыздарды кабыл алуу 2026-жылдын 29-январына чейин жүрүп, саат 18:00дө аяктайт.

Кайра шайлоого катышуу ниетин билдирген талапкерлер:

  1. Арстанбеков Акылбек Советбекович — «Кыргызстан» Топтолмо пенсиялык фондунун кеңешинин төрагасы, 1965-жылы туулган.

  2. Маматаев Эркинбек Садирбекович — убактылуу иштебейт, 1972-жылы туулган.

  3. Асанов Уланбек Жалалович — «Эмитент виртуалдык активдер» ААКнын директорлор кеңешинин төрагасы, 1970-жылы туулган.

  4. Асамудинов Бактыбек Асанович — Кыргыз Республикасынын адвокатурасынын мүчөсү, 1966-жылы туулган.

  5. Калматов Токторали Калдарович — жеке ишкер, 1976-жылы туулган.

  6. Чолпонов Уланычбек Калдарбекович — Базар-Коргон РЭСинин жетекчиси, 1981-жылы туулган.

  7. Матсаков Кадырбек Мусаевич — жеке адвокат, 1977-жылы туулган.

  8. Абдыразакова Гульнара Пазылжановна — Түштүк региону боюнча Бажы кызматынын бөлүм башчысы, 1976-жылы туулган.

  9. Мацаков Бакыт Калбаевич — “БОУЛ” ЖЧКнын директору, 1989-жылы туулган.

  10. Эгембердиев Арсланбек Абдыкайымович — убактылуу иштебейт, 1978-жылы туулган.

  11. Базаркулова Нурсыйда Манасовна — Ж. Боконбаев атындагы жатак мектептин мугалими, 1973-жылы туулган.

  12. Чомоев Алмазбек Алтынбекович — жеке ишкер, 1979-жылы туулган.

  13. Базарбаев Каныбек Суйунучбекович — Майлуу-Суу шаардык ДМЧА коомунун жетекчиси, 1969-жылы туулган.

  14. Мансуралыев Залкарбек Медетбекович — “Кыргыз Петролеум Компани” ЖАКнын юристи, 1998-жылы туулган.

  15. Исраилжан уулу Өсөрбек — убактылуу иштебейт, 1992-жылы туулган.

  16. Койчуманова Нуркан Кадыровна — Кыргыз улуттук жазуучулар союзунун Жалал-Абад облустук бөлүмүнүн төрайымы, 1967-жылы туулган.

  17. Нуриев Кубан Бактыбаевич — Базар-Коргон районунун Ардагерлер кеңешинин төрагасы, 1970-жылы туулган.

  18. Атабекова Кызжибек Азимжановна — “ГермесКом” ЖЧКнын башкы директору, 1978-жылы туулган.

  19. Темирбаева Махсудахан Юлчиевна — №50 “Эл Нуру” балдар бакчасынын директору, 1963-жылы туулган.

  20. Мурашев Нурбек Мурпазылжанович — убактылуу иштебейт, 1975-жылы туулган.

  21. Абдималиков Уланбек Абдималикович — “Эко Униформ” ЖЧКнын башкы директору, 1991-жылы туулган.

  22. Абсалиев Ахматали Садырбекович — убактылуу иштебейт, 1981-жылы туулган.

  23. Султанова Айжан Абдыкапаровна — жеке ишкер, 1986-жылы туулган.

  24. Апсабырова Гүлнура Байышовна — «Жаңы Доор Сервис» ЖЧКсынын бухгалтери, 1977-жылы туулган.

  25. Бейшенкул уулу Амантур — Эсептөө палатасынын эсеп боюнча адиси, 1991-жылы туулган.

  26. Жолдошов Түмөнбек Эркинбекович — Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын бөлүм башчысы, 1995-жылы туулган.

  27. Белеков Мелис Касымович — Бажы инфраструктурасын капиталдык куруу башкармалыгынын башкы адиси, 1986-жылы туулган.

  28. Мамасадыков Замирбек Дуйшалиевич — убактылуу иштебейт, 1981-жылы туулган.

  29. Алиева Эльмирахан Кочорбаевна — аскер пенсионери, 1970-жылы туулган.

  30. Шарапаткан Мажитова — “Асыл Аманат демилгеси” коомдук бирикмесинин жетекчиси, 1955-жылы туулган.

  31. Юлдашева Зиядахан Исламовна — Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары, 1967-жылы туулган.

29-январь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 72
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X