№13 шайлоо округу боюнча үгүт иштери качан башталат?

13-январь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 62

БШК №13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоодо үгүт иштерине катышуу үчүн жалпысынан 16 жалпыга маалымдоо каражаты жана интернет-басылмалары аккредитацияланганын билдирди.

Маалыматка ылайык, ЖМКнын эфир убактысын, басылма аянтын жана интернет-басылмаларда жарыялоо укугун бергендиги үчүн акы төлөөнүн өлчөмү жана башка шарттары боюнча маалыматтар жайгаштырылат.

Аккредитациядан өткөн ЖМК жана интернет-басылмалар талапкерлердин үгүт иштерин өлкөнүн мыйзамдарынын алкагында так жана калыс жүргүзүүгө милдеттүү.

Мөөнөтүнөн мурда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого үгүт иштери 9-февралда башталып, добуш берүү күнүнөн бир күн мурун – 28-февралда саат 8:00дө токтотулат. Шайлоо 1-мартта өтөт.

13-январь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 62
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X