ҮСӨНОВДУ ЫЙЛАТКАН “КУМТӨРДҮН” 25 МЛН ДОЛЛАРЫ, ПРЕЗИДЕНТТИ ЫНАНДЫРГАН АКЫЛБЕК ЖАПАРОВ

13-апрель, 2022-ж. / Редакция / Жаңылыктар 37

Чубактын кунундай чубалган “Кумтөр” маселесине акыркы чекит коюлду. Канадалык “Центерра” менен Кыргыз өлкөсү соттошуудан баш тартышып, тынчтык жолу менен “ажырашты”. Президент Садыр Жапаров “Кумтөр” мамлекеттин менчигине өткөнү тууралуу кабарды жалпы элге сүйүнчүлөгөндө, мындай жакшылыкты эл кубаттоо менен кабыл алганы байкалды. «Кумтөр» маселесине чекит коюу үчүн саясий эрк керек болчу. Буга чейинки мамлекет башчылары ошондой саясий эркке бара алышпаганын кенен айтуунун деле зарылдыгы жок деп эсептейм. Азыркы мамлекет башчысынын саясий эрки менен «Кумтөр» алтын кенин өз менчигибизге толук өткөнү факт. Бул чоң жетишкендик деп айтсам болот.

Өткөн жуманын аягында Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров “Азаттык” үналгысына “Кумтөрдүн” тегерегинде кенен маек берип, маселенин чоо-жайын кенен түшүндүрүп берди. Эми “Кумтөр” мындан кийин мамлекет, эл үчүн иштесин деп тилек кылалы. Бирок…

Бирок, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын маегинен кийин талдын түбүнөн чыга калган “эксперттер”, диванда жатып кыялында ааламды айланып чыккандар “Акылбек Жапаров 30 жылдан бери кызматта жүрөт. “Кумтөрдү” иликтеген комиссиялардын мүчөсү болгон. Ушул киши башкы күнөөкөр…” дегенге жетишти. Ийриден түз көлөкө түшмөк беле. Өткөнгө өңүт салбагандар канчалык туталанбасын, козгогон кептери ийри экени анык. Анда кеп башынан болсун.

Чындыгында “Кумтөр” кыргыз экономикасын алдыга тартып кете турган өгүздөрдүн бири. 2003-жылы Танаевдин өкмөтү “Кумтөрдү” реформа жасайбыз деп тескеме (распоряжение) кабыл алып, комиссияга ошол убактагы Бюджет комитетинин төрагасы Эсенкулов Жеңишбекти, мыйзам чыгаруу бийлигинен Акылбек Жапаровду салык комитетинин башчысы катыры кошуп коюшат. Тескемеде макулдашуунун негизинде комиссияга киргизилди деп жазылганы менен иш жүзүндө Акылбек Үсөнбековичтин макулду жок эле киргизип коюшат. Комиссияга мүчө болгонун билген Жапаров “Бул эмне болгон комиссия?” деп Ишенбай Кадырбековдон сураса, “Бул ызы-чуулуу комиссия. 2007-жылы Кыргызстанга өтө турган долбоорду бузганы жатышат. Сени да алдаганы жатат, байкап көр” деген кеңешин берет. Легендарлуу парламентте “Кумтөр” маселесин жетектегендердин бири, техника илимдеринин доктору Шергазы Мамбетовго жолугуп, андан дагы бул иштин чоо-жайын сураса, илимдин доктору “Бул жерде 700 тоннадан ашык алтын бар экени Союз кезинде эле такталган. Мына документтери…” деп тийиштүү документтерди берет. Ушул жерден Акылбек Жапаровдун “Жаңы Ордо” гезитине 2013-жылы берген маегине токтолуу зарыл:

“Учкундун” имаратына барсам, ал кезде Финансы министрлигинде статс-катчы Эмирлан Төрөмырзаев деген болчу, ошол доклад жасай баштады. Анда борбордук бөлүктө 300 тоннадан ашык алтын бар, биз 100 тоннага чейин алтыны бар “Боро” кенин, мындан сырткары АКШдагы “Рен” кенин да алабыз деп калды. Доклад бүткөндө эле жаңы түзүлүп жаткан “Центеррада” биздин акциябыз канча пайыз болот деп сурадым. “33 пайыз” деп жооп берди. Азыр “Кумтөрдүн” 67 пайыз акциясы биздики болсо, анан кантип 33 пайыз болуп калат деп кайрадан суроо бердим. “Биз аябай чоң компания түзүп жатпайбызбы. Силердики кичинекей да. Болгону 300 тонна гана алтын болуп жатат” деген жооп болду. Анда раматылык Камчыбек Кудайбергенов “Кыргызалтындын” төрагасы болчу. Ал “Акылбек суроо бербей эле койчу” деди. Андай болбойт, кенде 700 тоннадан ашык алтын жатат. Ошондуктан “Центерранын” 67 пайызы биздики, 33 пайызы силердики болуш керек дедим. Андан кийин ызы-чуу чыкты. Кийин мени ошол комиссияга такыр жолотушкан жок”. (Булак: “Жаңы Ордо” гезити)

Ушул жооп Акылбек Жапаров 2003-жылдагы афёрага айланган келишимге катышпаганын, тескерисинче ошол учурдагы бийликтин планына каршы болуп, “Центерранын” 67 пайыз үлүшү Кыргызстандыкы болушу керек деп чыкканы, анын башынан эле алтын кен мамлекеттики болушу керек деген позицияда болгонун далилдейт. Эгер чын эле каршы болгон болсо, парламенттин трибунасынан маселени неге көтөрүп чыккан эмес?- деген суроо жаралышы мүмкүн. Бул суроонун жообу да ошол эле маекте айтылат. Анда мындай деп жооп берет:

“Парламентке келип, болгон окуяны оппозицияга айттым. Раматылык Дооронбек Садырбаев “Акылбек сен жашсың, бул маселени оппозиция биз көтөрүп чыгалы” деген. Ошентип маселени оппозиция көтөрүп чыкты. Баарыбыз биригип, мыйзам чыгаруу бийлиги “Бул туура эмес” деген токтом кабыл алганбыз”. (Булак: “Жаңы Ордо” гезити)

Акылбек Жапаров алтын оюну кайсыл нукка баратканын оппозицияга келип айткандан кийин гана парламентте маселе көтөрүлгөн. Жогорку Кеңештин “Бул туура эмес” деп кабыл алган токтому бар деп сөз кылабыз. Ошол токтом дал ошондо кабыл алынганын тарых үчүн айта кетишибиз керек.

2005-жылы “Жоогазын” революциясы орун алып, Аскар Акаев тактан кулап, бийликке Курманбек Бакиев келип, эл көп нерседен үмүт кылган. Бул бийликтин да аягы кандай бүткөнүн баарыбыз жакшы билебиз. Акылбек Жапаров жаңы келген бийликтин курамында болуп, “Кумтөр” маселеси боюнча президент Курманбек Бакиевге кирип доклад жасайт. Муну көпчүлүк биле бербейт. Бирок, Бакиев жаңыдан түзүлгөн “Кумтөр” боюнча комиссиянын төрагасы кылып Данияр Үсөновду дайындап койгон. Ал киши комиссиянын төрагасы болгондон кийин Жапаровдун колундагы документтердин баарын алат. Ошондо дагы канадалыктар кыргыздарга 6 пайыз акция кошуп берели дешкен. Ал убакта Феликс Кулов премьер-министрликтен түшүп, анын ордуна Азим Исабеков келген эле. Данияр Үсөнов менен Акылбек Жапаров эки ача пикирде болуп, катуу айтышканга чейин барышат. Жапаров “Бул туура эмес, ал жерде биздин үлүшүбүз 52 пайыздан 62 пайызга чейин болушу керек, сиз кантип 6 пайызга алданганы жатасыз? Сиздин отчётуңуздун баары туура эмес. Алар менен революциядан кийин такташып албасак, кийин бул маселеге кайтып кайрылып келиш кыйын болуп калат” деп каршы чыгат. Анда Үсөнов биринчи вице-премьер-министр болчу. Өкмөткө алып чыгып, добушка койгондо, 6 киши Жапаровду, 11 киши Үсөновду колдошот. Ал кезде Өкмөттүн жалпы мүчөсүнүн саны 23 эле. Данияр Үсөнов “Болду, добуш берүү бүттү. Менин сунушум кабыл алынды” деп чыгат. Өкмөттүн регламенти боюнча маселе көпчүлүк добуш менен чечилиши керек. 11 добуш чечим кабыл алууга жетишсиз болгон.

6 пайыз акцияга каршы чыккан Акылбек Жапаровдун чуусунан кийин президент Бакиев өзүнө чакырып, “Эмне болуп жатасың?” деп сурайт. Көрсө, 6 пайыз акция кошуп берүү менен эле ишти бүтүрүп коюп, андан сырткары акча алуу тууралуу сүйлөшүүлөр да болгон. Маалыматтар боюнча үстүнө 25 млн долларга чейин акча берели, 6 пайыз менен эле жаап койгула деген сүйлөшүү болгон. Данияр Үсөнов президентке “Жапаров макул болбой жатат. Өкмөттөн өткөзсөм дагы өзүнүкүн бербейт” деп арызданат. Акылбек Үсөнбекович маселе көпчүлүк добуш менен чечилиши керектигин, Үсөновдун маселеси колдоо таппаганын айтып, чечимге баш ийбей турганын түшүндүрүп берет. Сөздөн сөз чыгып, катуу талаш болот. Данияр Үсөнов “Ушул комиссияны Жапаровго бергиле. 1 долларга же болбосо 1 акцияга көбөйтсө, мен асылып алам” деп айтып, кадимкидей ыйлаган дешет. Бакиев “Андай кыйын экенсиң ушунун баарын далилде” деп Жапаровго тапшырма берет. Ишенбай Кадырбеков ал учурда транспорт министри болуп турган. Болот Шерниязов парламенттеги оппозициянын белдүү депутаты эле. Арслан Малиев саясатчы катары “Кумтөрдү” көтөрүп жүргөн. Ушул саясатчылар менен сүйлөшүүлөр жүргөндөн кийин президентке кайрадан кирип, маселе Өкмөттүн деңгээлинде чечилбей турганын, президенттин тескемеси керек экендигин, кайрадан комиссия түзүп, ага бийликтин бардык бутактарынын өкүлдөрү, оппозиция киришүүсү зарыл экенин жеткизет. Президент “Оппозиция менен өзүң сүйлөш” деп милдетти Жапаровдун өзүнө жүктөйт.

Канадалыктар “Документтердин баары англис тилинде” деген шылтоону айтып, керектүү документтерди бергиси келбейт. Алардын бул “кылыгы” ошондо эле болуп келген. Комиссия англис тилинде болсо деле бергиле, которо тургандар бар деп баарын алдырат. Компания биржага чыкканда канча алтындын кору бар экенин сөзсүз көрсөтөт. Эрежеси ошондой. Союз кезинде иликтеген документтер көтөрүлөт, Орозбек Дүйшеев, Шергазы Мамбетовдор менен биздин адистер изилдеген кагаздардын баары такталат. Документтерде “Кумтөрдө” 719 тонна алтын бар деп жазылган. Канадалыктардын англис тилиндеги кагаздарын орусчага котортуп, котормосу туура деген мөөр бастыргандан кийин аларда дагы 719 тонна алтын бар деп чыгат. Келишимде болсо борбордук участокто 300 тонна алтын бар деп жазылган. Канадалыктардын калпы ушунтип ачыкка чыгат.

Андан кийин 2003-жылы 31-декабрда Өкмөттүн жыйыны болгонбу же болгон эмеспи дегенди далилдей баштаганда, анда дагы эч кандай жыйын болбогону такталат. Жыйын болбой эле, болгону сурамжылоо эле болуптур. Мыйзам чыгаруу палатасынын токтому бар экени тастыкталат. Анткени, ал токтом кабыл алынганда Акылбек Жапаров өзү депутат болгон.

Канадалыктардын калпы калкып чыккан соң, сүйлөшүүгө барабыз дегенге аргасыз болот. Кыргыз тарап Болот Шерниязовдун кабинетинде чогулушуп, 52ден 63 пайызга чейин үлүштү талашабыз деп макулдашышат. Шерниязов “62 пайыз акцияны алышыбыз керек” деп чыгат. Канадалыктар сүйлөшүү учурунда 16,5 пайыз акцияны бизге берүүгө макул болушат. Ал учурда Алмазбек Атамбаев премьер-министр болуп калган.

Атамбаев канадалыктарга “Кантип 16,5 пайыз болсун? Дагы 0,5 пайыз кошкула, 17 пайыз болуш керек” деген талапты коёт. Бул талапка дагы канадалыктар макул болушкан. Бирок, комиссиянын жыйынтыгы парламентте каралбай калган. Анткени, “Кумтөр” маселеси каралат дегенде президент парламентти таратып жиберген. Акылбек Жапаров “Кумтөр” боюнча түзүлгөн комиссиянын баарында жүргөн дегендер, тарыхтын ушундай барактарын да биле жүрүшү керек. Чындык ушундай… Эгер бир жеринен кыйшык кетсе, Акылбек Жапаров эбак эле соттолуп кетмек. Муну да айта жүргөн оң.

№33 «Эркин-Тоо» гезити
2022-жылдын 12-апрели
Разия Жоошбаева

13-апрель, 2022-ж. / Редакция / Жаңылыктар 37
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X