Тиешелүү буйрукка Министрлер кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов кол койду. Мирбек Кожоев буга чейин президенттик аппараттын мамлекеттик башкаруу саясаты жана уюштуруу-инспектордук иш бөлүмүнүн башчысынын орун басары кызматын аркалаган. Ал эми облусту жетектеп жаткан Эльчибек Жантаев өз арызы менен кызматынан кетти.