"Эркин-Тоо"

ӨКМ: Бишкек-Ош жолунда кар көчкүнү атуу иштери жүрүүдө

Бишкек – Ош унаа жолунда артиллериялык куралды колдонуп кар көчкүлөрдү атайылап атып түшүрүү иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, республиканын бийик тоолуу райондорунда, жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачындын кесепетинен Бишкек-Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу ашуусунун 121-138, Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайынын 198-255 чакырымдарында кар көчкү жүрүү коркунучу жаралган.

Кар көчкүлөрүн атайылап атып түшүрүүдө, 14-март күнү  ӨКМнин ыкчам тобу жана  КМнин артиллериялык эсеби Ош-Бишкек жолунун 246-чакырымында (Көчкүлүү-Булак тилкеси) 22 даана снаряд атышкан. Натыйжада жалпы 70 000м3 кар көчкү түшүп жолго жеткен эмес. Көчкүнү  атып түшүрүү иш-чаралары  бүгүн, 15-мартта да улантылат.

 

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!