ӨКМ жарандарга эскертет! Кар көчкү көпчүлүк аймактарга түшүшү мүмкүн

22-март, 2022-ж. / Редакция / Коом 57
Кыргызстанда буга чейин жаап жана күтүлүп жаткан жамгырга байланыштуу кар көчкү көпчүлүк аймактарга түшүшү мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Кар көчкү түшүшү мүмкүн деген аймактардын тизмеси:
Төө-Ашуунун, Бишкек — Ош жолунун 121-138-чакырымында;
Ала-Бел ашуусунун, Бишкек — Ош жолунун 198-255-чакырымында;
Өтмөк ашуусу, Суусамыр — Талас — Тараз жолунун 1-14-чакырымында;
Чапчыма ашуусу, Ала-Бука — Каныш-Кыя жолунда;
Красная Горка — Ак-Таш жолунун 1-4-чакырымында;
Мырза-Аке — Кара-Кулжа — Алайкуу жолунун 55-107-чакырымында;
Талдык ашуусу, Ош — Сары-Таш — Эркечтам жолунун 160-179-чакырымында;
Сары-Таш — Дароот-Коргон — Карамык жолунун 136-137-чакырымында;
Батман-Көл айылында;
Кара-Тейит айылында;
Долон ашуусу, Кара-Үңкүр капчыгайы. Бишкек — Нарын — Торугарт жолунун 292-305-чакырымында;
Ийри-Суу тилкеси, Казарман — Актал-Чат жолунун 42-44-чакырымында;
Кара-Көө ашуусу, Казарман — Актал-Чат жолунун 60-94-чакырымында;
Каракол — Эңилчек жолунун 45-48, 65-90-чакырымында;
Сөөк ашуусу. Барскоон — Ак-Шыйрак жолунун 52-68-чакырымында.
ӨКМ аба ырайы улам өзгөрүп жаткандыктан жол тайгак болуп, муз тоңорун эскертти. Айдоочуларга автоунаалардын ортосундагы 500 метр аралык чектелиши керектигин белгиледи.
22-март, 2022-ж. / Редакция / Коом 57
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X