ӨКМ: «Ак-Тилек» постунда кезекте турган айдоочуларга тамак-аш уюштурулду

18-апрель, 2022-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Коом 35

Кыргыз-казак мамлекеттик чек арасынын «Ак-Тилек» постунда кезек күтүп жаткан кыргызстандык оор жүк ташуучу унаалардын айдоочуларына жылынуучу жана тамак-аш берүүчү жайларды уюштуруу максатында КР ӨКМ тарабынан “Ак-Тилек” чек ара постунда жана Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 31 жана 33 чакырымдарында 4 даана чатыр орнотулуп, 8 куткаруучу, тез жардам кызматынан 1 бригада жана КР ИИМден 3 кызматкер нөөмөттө турат.17-апрель күнү 420 айдоочуга тамак-аш берилген.

Бүгүн, 18-апрелге саат 07:00 карата алынган маалымат боюнча «Ак-Тилек» постунда кезекте 305 оор жүк ташуучу унаалар турат.

18-апрель, 2022-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Коом 35
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X