«Шакира гүл албайт экен»: Орунбеков ырчынын протоколу тууралуу айтты
Шакиранын Кыргызстанга келиши өлкөнүн туристтик потенциалын таанытууга чоң мүмкүнчүлүк түзөт. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Дайырбек Орунбеков билдирди.
«Шакира Кыргызстанга келди. Анын сапары биздин туризмге оң таасир берет. Аны көрүп турган, өзүнүн эле инстаграм баракчасындагы 103 000 000 катталуучусу биздин өлкө тууралуу маалымат алышат, арасында кызыгып келгендер болот. Мына ушундай иш чаралар аркылуу Кыргызстан таанылат.
Ал эми “эмнеге гүл берген жоксуң?”-деген суроолорго, алардын протоколу боюнча Шакира гүл албайт экен. Кадыр барктуу коноктор, таанымал адамдар бизге дагы да көп келе берсин, туристтик потенциалыбыз жогоруласын!» — деди Орунбеков.