Кыргызбай уулу Алтынбек: “Биздин принцип – мыйзам чегинде салык милдеттенмелерин өз убагында аткарууну камсыз кылуу
Кыргыз Республикасында ата мекендик өндүрүштү колдоо, инвестиция тартуу жана ишкерлик үчүн жагымдуу шарттарды түзүү мамлекеттик саясаттын маанилүү багыттарынын бири. Бул багытта өзгөчө режимдеги аймактардын, анын ичинде Бишкек шаарындагы Эркин Экономикалык Аймактардын (ЭЭА) орду өзгөчө. Ушул багытта Мамлекеттик салык кызматынын Бишкек шаарынын ЭЭА субъектерин көзөмөлдөө боюнча башкармалыгынын башчысы Кыргызбай уулу Алтынбек менен ЭЭАдагы салыктык тартип, санариптештирүү, салыктык башкаруу жана карыздарды өндүрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маектештик.
– Алтынбек мырза, алгач башкармалыктын негизги иш багытына токтолсоңуз. ЭЭА субъекттеринин өлкөнүн экономикасына жана бюджеттин киреше бөлүгүнө кошкон салымы кандай болууда?
– Биздин башкармалык ЭЭАнын аймагындагы салык төлөөчүлөр менен иш алып барып, салык мыйзамдарынын аткарылышын көзөмөлдөө, камсыз кылуу жана түшүндүрүү иштерин жүргүзөт. ЭЭАда негизинен юридикалык жактар иштейт. Бул жерде жылытуу батареяларынан, пластик терезелерден тартып түтүк, эмерек жана башка өнөр жай продукцияларын чыгарган ишканалар бар. ЭЭА субъекттерине атайын салыктык режимдер жана тиешелүү жеңилдиктер өндүрүштү, инвестицияны жана ишкердикти колдоо максатында берилген. Демек, бул жеңилдиктер менен катар мамлекет алдындагы жоопкерчилик да бар. Бишкек ЭЭАсынын Чоң-Арык (ВДНХ), Ак-Чий жана Кара-Балта багыттарында өндүрүштүк аянттары аркылуу иш алып барат. Акыркы мезгилде бул аймактарда ири инвестициялык долбоорлор ишке ашырылып, жаңы завод-фабрикалар ачылууда. Айрыкча, Ак-Чийдеги өндүрүштүк аянтта бир катар ири долбоорлор ишке кирип жатат. Биздин негизги милдеттерибиздин бири – салык төлөөчүлөргө мыйзамдагы өзгөртүүлөрдү алдын ала түшүндүрүү. Бул иштерди жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу эмес, ишкерлер менен түздөн-түз жолугуп, электрондук байланыш аркылуу жана жеке консультация берүү жолу менен жүргүзөбүз. ЭЭАдагы ишкерлердин басымдуу бөлүгү чет өлкөлүк инвесторлор, анын ичинде Кытайдан, Россиядан, Белорусиядан жана Монголиядан келген ишкерлер. Алар өндүрүштүн ар кандай багыттарына олуттуу каражаттарды инвестициялап
жатышат.
– Бүгүнкү күндө башкармалыктын көзөмөлүндө канча ишкана бар?
– Жалпысынан бүгүнкү күндө 450 чарба субъектер катталган. Алардын ичинен 72 салык төлөөчүлөр жалпы режимде иштешет жана кошумча нарк салыгын (КНС) төлөшөт. Учурда активдүү өндүрүш жүргүзүп жатат. Калган 378 ишканалар атайын салык режимде катталгандар. Арасында ишин жаңы баштап жаткандары, убактылуу токтоткондору же башка себептерден улам активдүү иш жүргүзбөгөндөрү бар.
– ЭЭАдагы атайын режим салыктан качууга шарт түзүп калбайбы? Мыйзам бузуу фактылары катталабы?
– ЭЭА жабык жана көзөмөлдөнгөн аймак болгондуктан, андай салыктарды төлөбөй, мыйзамсыз иштерди жасоо боюнча фактылар жок. Товарлардын кыймылы, эсеп-фактуралар, тапшырылып жаткан салыктык отчеттор жана башка операциялар тиешелүү системалар иштеп жаткан өзүбүздүн ички модулдар аркылуу көзөмөлдөнөт. Ошол эле учурда биз “мыйзам бузуу таптакыр болушу мүмкүн эмес” деп айтуудан көрө, салыктык тобокелдиктерди алдын алуу жана мыйзам талаптарын сактоону камсыз кылуу негизги милдет деп эсептейбиз. Бүгүн санариптик технологиялар бул багыттагы көзөмөлдү кыйла жакшыртты. Мисалы, салыктык талдоо жана көзөмөл жүргүзүүгө мүмкүндүк берген электрондук модулдар аркылуу отчетторду, эсеп-фактураларды жана башка маалыматтарды аралыктан талдоого шарт түзүлдү. Мурун айрым маалыматтарды тактоо үчүн жеринде текшерүү зарыл болсо, азыр аны электрондук системалар аркылуу көзөмөлдөп жүргүзүүгө болот.
– ЭЭАда салык салуунун кандай режимдери колдонулат?
– Негизинен, салыктык режимди, салык төлөөчү өзү тандайт. Ишкерлер башында эле салык кызматына катталганы келгенде тандалат. Кайсыл режимде иштээрин бул эки багытты белгилөөгө болот. Жалпы салыктык режимде иштеген субъекттер колдонуудагы мыйзамдарга ылайык кошумча нарк салыгын, сатуудан алынуучу салыкты, пайда салыгын жана башка тиешелүү төлөмдөрдү төлөшөт. Ал эми ЭЭА үчүн каралган атайын салыктык режимдин шарттарына туура келген мыйзамдар жана Кыргыз Республикасынын салыктык кодексине дагы белгиленген жеңилдиктер колдонулат. Башкача айтканда, жеңилдиктер ЭЭАнын бардык өндүрүлгөн товарларды сатуу боюнча операцияларына автоматтык түрдө бирдей колдонулбайт. Товар кайда өндүрүлүп, кайда сатылып жатканына жана операциянын түрүнө мисалы, экспорткобу же Кыргызстандын ичинеби ошого жараша тиешелүү салыктык режим колдонулат.
– Санариптештирүү салыктык көзөмөлдүн натыйжалуулугуна кандай таасир берип жатат?
– Таасири бир гана жакшы жагына болуп жатат десем болот. Бүгүнкү күндө бухгалтерлер салыктык отчетторун электрондук түрдө Жеке кабинет аркылуу тапшырат. Электрондоштурулган салыктык системалар, иштеп жаткан модулдар аркылуу кызматкерлерибиз көптөгөн маалыматтарды кабинеттен чыкпастан, өзүнүн кызмат ордунан эле талдоо жүргүзө алат. Салыктык башкаруудагы жаңы электрондук модулдар эсеп-фактуралардын, салыктык отчетторун жана башка маалыматтарды талдоого мүмкүндүк берүүдө. Бул көзөмөлдү оперативдүү жүргүзүүгө гана эмес, салыктык тобокелдиктерди алдын-ала аныктоого да шарт түзөт.
– Бюджетке түшүүчү салыктар боюнча белгиленген пландар аткарылып жатабы?
– Албетте, бизге да белгиленген план жеткирилет жана анын аткарылышын камсыз кылуу боюнча иш алып барабыз. Мисалы, бир айлык план-тапшырмабыз сентябрь айына 31 млн 300 миң сомдук план-тапшырмага жеткирилген болсо, биздин Башкармалык мыйзам чегинде туура салыктык саясатты жүргүзүүнүн негизинде жана салык төлөөчүлөрдү өз убагында көзөмөлгө алгандыктан, жеткирилген пландын аткарылышына талдоо жүргүзүп кошумча салыктык төгүмдөрдү аныктап чыгарып төктүргөндүктөн, сентябрь айына бекитилген план 4 млн 530 миң сомго ашыгы менен бир ай толук бүтө электе эле 35 млн 830 миң сомго накталай аткардык. Тогуз айлык көрсөткүч боюнча да белгиленген пландан жогору көрсөткүчкө жетиштик. Жалпысынан, былтыркы көрсөткүчтөргө салыштырмалуу, быйылкы түшүүлөрдүн өсүү динамикасы байкалууда. Жергиликтүү бюджетке түшүүчү киреше салыгы боюнча да план ашыгы менен аткарылды.
– Көп жылдык тажрыйбаңыз бар эмеспи, салык карыздарын өндүрүүнүн механизмдерин күчөтүү боюнча кандай сунуштарыңыз бар?
– Салык карызын өндүрүүдө электрондук инструменттерди дагы кеңири колдонуу керек деп эсептейм. Мисалы, салыктык милдеттенмелерин белгиленген мөөнөттө аткарбаган субъекттер боюнча эсеп-фактураларды колдонууга байланышкан чектөө механизмдерин мыйзамдын талаптарына ылайык өркүндөтүү боюнча сунуштарыбызды бергенбиз. Мунун максаты – ишкерди жазалоо эмес, салыктык милдеттенмени өз убагында аткарууга түрткү берет деп эсептейбиз. Башкача айтканда, карыз топтоло бергенден кийин гана чара көрбөстөн, анын алдын-алуу иштин жыйынтыгын берет деп эсептейм . Ошондой эле, салык төлөө талабы сыяктуу мыйзамда каралган механизмдерди өз убагында колдонуу карыздардын өсүп кетишине жол бербөөгө жардам берет.
– Ири ишкерлер топтолгон аймакты текшерүүдө коррупциялык тобокелдиктер дайыма жогору деп эсептелет. Чын эле ошондойбу?
– Санариптештирүү коррупциялык тобокелдиктерди азайтууда маанилүү роль ойноп жатат. Бүгүн, көптөгөн кызматтар электрондук форматта көрсөтүлөт. Отчеттор электрондук Жеке кабинет аркылуу берилет, айрым документтерди, мисалы маалым каттарды же ар кандай тийиштүү кызматтардан чыгарылган чечимдерди Бирдиктүү терезе аркылуу же электрондук почта аркылуу алууга болот. Бул адам факторун азайтып, кызмат көрсөтүүнүн ачыктыгын жогорулатат. Улуу мамлекеттик саясий ишмер Исхак Раззаковдун жакшы сөзү бар эмеспи, “Мен таза болсом, сен таза болсоң, коом, да таза болот” — деген. Анын сыңары, ар бирибиз мамлекет үчүн чын дилден таза иштегенге өзүбүздүн көкүрөктү тазартып, дилибизди оңдоп иштегенде дагы коррупция деген нерсе болбойт. Ошол эле учурда кызматкерлерге да, салык төлөөчүлөргө да коррупцияга каршы мыйзам талаптарын жана коррупцияга каршы өзгөртүүлөрдү түшүндүрүү иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүп турабыз.
– Башкармалыкта канча кызматкер эмгектенет?
– Бүгүнкү күндө 14 кызматкер иштейт. Кыскартуулардан кийин кызматкерлердин саны азайганына карабастан, иштин көлөмү жана жоопкерчилиги жогору бойдон калууда. Ошого карабай, жамаат өзүнө жүктөлгөн милдеттерди аткарып келет. Кызматкерлердин арасында бул тармакта көп жылдан бери иштеп келе жаткан тажрыйбалуу адистер бар. Алардын арасында мамлекеттик сыйлыктарга, анын ичинде “Салык кызматынын отличниги” наамына ээ болгондор да бар.
Маектешкен Күнболот Момоконов