Абдуразак Боромбаев, Сокулук райондук сотунун төрагасы: Мыйзамды сыйлоо –ар бирибиздин милдетибиз
Боромбаев Абдуразак Эсентаевич 1965-жылдын 7-октябрында Талас облусунун мурунку Киров, азыркы Айтматов районунун Үч-Булак айылында туулган. Киров айылындагы орто мектепти 1982-жылы бүтүрүп, алгачкы эмгек жолун колхоздун өндүрүштүк бригадасында баштап, жумушчулук кесиптин босогосун аттайт.
Эр жигит үчүн Мекенди сүйүүдөн өткөн милдет болбос. 1982-1985-жылдары Москва облусунун Красногорск шаарында Советтик армиянын катарында жоокердик парзын өтөйт. Мына ушул советтик жоокердик турмуштун темирдей тартиби, бийик жоопкерчилиги Абдуразак Эсентаевичти бышырып, болочок кесибине болгон сүйүүсүн ойготкон десек, эч жаңылыштык эмес. Ырас эле 1986-жылы Казакстандын Караганда шаарындагы СССРдин жогорку милиция мектебине өтүп, 1990-жылы аяктап, андан соң милицияда тергөөчү, тергөө бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп, такшалуу кайтарымын берди.
1995-жылы прокуратура органына кирип, Талас облустук прокуратурасында тергөө боюнча облустук прокуратуранын жардамчысы кызматында эмгектенип, иштери илгерилеп, бөлүм башчылыкка жетти. Жемиштүү мээнет, аракет текке кетпейт эмеспи. 2001-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы менен Бишкек гарнизонунун Аскер сотунун судьясы болуп дайындалды.
2010-жылы борбор шаарыбыздын Биринчи май райондук сотунун судьясы кызматына келди. Мына ушундан улам жогорулап отуруу, албетте ишке болгон ишенимдин тиреги. Адилеттикти туу кылган бул тармакта тайып кеткендер да болот.
Андыктан, ак иштөө гана акыбетин берет. Бул жагынан алганда, чейрек кылымга тете сот адилеттигин туу тутуп келген Абдуразак Эсентаевич беделин бекемдеди. Не бир татаал сот процесстерин айтып отурсак, албетте сөз узак.
Учурда Чүй облусунун Сокулук райондук сотунун төрагасы болуп иштеп жатат. Адилеттик жана акыйкаттык айтканга оңой болгону менен иш жүзүндө орундатуу татаал. Демек, жооптуу иштин өтөсүнө чыгуу чындыкты талап кылат.
Чындыктын чырагына май тамызган Абдуразак Эсентаевичтей тажрыйбалуу кадрларга ар убак муктажбыз.
Жооптуу иштеги эмгек, мээнет ар дайым даңазаланып турууга тийиш. Мамлекеттик сый-урматтар ээсин эбак тапкан.
Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйланган. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун, Кыргыз Республикасынын УКМКнын, Башкы прокуратуранын, ИИМдин, Юстиция министрлигинин Ардак грамоталары жана медалдары менен сыйланган. Сый артынан сый келери эзелтен элге белгилүү.
Абдуразак Эсентаевич агайын-тууган, үй-бүлөсүнө, жакындарына ар дайым камкордук менен мамиле жасайт. Келинчеги Лира жакшы жар, бактылуу эне. 3 кыз, 3 уулду эрезеге жеткиришти. Ынтымак бар, ырыс бар. Лира ишкерлик менен шугулданып, талыкпай иштеп келатат.
— Абдуразак Эсентаевич, быйыл бардык аймактарда эл менен болгон жолугушуулар өтүп, адилеттик издегендердин да үнү жаңырып жатты. Айыптуунун ак жана карасына акыркы чекитти сиздер коёсуздар. Элдин ишенимин канткенде бекемдейбиз? Карапайым калктын укугун коргоо жаатында жагымдуу жаңылыктарыңыздар барбы?
— Элдин сотторго болгон ишенимин жакшыртуу максатында соттук реформалар болуп келүүдө. Айталык, 2022-жылкы жүргүзүлгөн соттук реформага байланыштуу сотторду ротациялоо кыймылы жанданды. Бир жерде узак туруп калуу чынында эле тааныш жана билиштикке из салат белем. Аталган реформага ылайык Сокулук райондук сотунда республиканын ар кайсы региондорунан которулуп келген судьялар иштешүүдө. Мындай кадрдык ротациялар бардык тармактарыбызда негизинен орун алды. Албетте, мындай жүрүштөр кемчиликтерге жол бербөө максатында жасалды. Жемкорлук жана паракорлук менен күрөшүү малекеттик деңгээлде көтөрүлө баштады. Жооптуу кызматты жетектеген жетекчилердин жоопкерчилиги жогорулап, кадр жагынан тазалануу оң натыйжасын бере баштады.
Оболу, райондук соттун тутумуна токтолуп кетейин. 11 судья эмгектенет. Ар бирибиз эл алдындагы милдетибизди жакшы билебиз. Негизинен, тагылган талаптарды түз аткарышып, сот процесстеринин саатын мыйзам чегинде чыгарышууда. Биз үчүн мыйзамды сыйлоодон артык парз болбойт.
Кийинки жылдары жер административдик реформалар уюшкандыкта аягына чыкты. Бизден 3 айыл аймак борбор шаарыбызга карап калды. Калган айыл аймактары бириктирилди. 9 айыл аймагы жана Шопоков шаарыбыз бар. Болжол менен элдин саны 250000ден ашат. Элдин санына жараша райондук сотко түшкөн арыз, даттануулардын, жарандык жана кылмыш иштердин саны көп.
Сөзүбүз кургак болбосун, мисал келтирейин. Өткөн жылы жалпысынан 7543 жарандык, административдик, кылмыш иштер жана арыз, даттануулар каралган. Бул иштердин ичинен басымдуусу же 60% дан ашыгы жарандык иштер болуп саналат. Айталык жер, үй-мүлк боюнча талаштар, бөлүшүү, юридикалык фактыны аныктоо, ажырашуу, алимент, карыздарды өндүрүү жана башка иштер
арбын.
Мына ушул жерден белгилеп кетейин, өткөн эл менен болгон кечээги жолугушууларда турак жайга болгон муктаждык, жер боюнча маселелер курч коюлду. Мыйзамсыз жерлердин чыры али да уланууда. Мисалы, Кожомкул айылында мурдатан айдоо жерлери жер участокторуна бөлүнүп, элге сатылып кеткендиктен жана бүгүн да сатылып жаткандыктан, ушул жерлерге байланыштуу жарандык жана кылмыш иштери көп.
“Чубактын кунундай” чубалган бул иштердин уланып жатканынын бирден-бир себеби, айыл жеринде жашаган жарандардын юридикалык жактан сабатсыздыгы. Андыктан, сотко кайрылууда бир топ кыйынчылыктарды тартышат. Анткени, сотко кайрылуу үчүн тийиштүү иш кагаздарын даярдоого туура келет.
— Абдуразак Эсентаевич, сабаттуулук тууралуу жакшы айттыңыз. “Медиация жөнүндөгү мыйзам иш жүзүндө иштебей жатат” деген сөздүн чындыгы барбы?
— Калк айтса, калп айтпайт эмеспи. Мунун чындыгы бар. Эгер, медиация жөнүндө мыйзам талапка ылайык иштей турган болсо, анда көп иштер медиаторлор аркылуу чечилип, сотко да, башка тараптарга да жеңилдик болмок. Иштин саны да кыскармак. Бул багытта канааттандырарлык иштерди илгерилетип жатышкан коңшу Казакстанды мисал кылып кетсем болот. Ал жакта 40 пайыздан ашуун иштер медиация аркылуу чечилет экен. А бизде тилекке каршы медиатордун ордуна ортомчулар пайда болуп, алар өз кызыкчылыктарына иштешип, көбүнесе жарандар материалдык жактан зыян тартышууда. Андыктан, медиация институтун күчөтүп, анын иштөөсүн камсыз кылышыбыз керек.
— Кылмыштуулук менен күрөшүүдө Аксакалдар сотторунун ролу жогору. Алар менен иштешүү натыйжасын берип жатабы?
— 2024-жылы 19-февралда №52 «Аксакалдар соттору жөнүндө” мыйзам кабыл алынган. Ушул мыйзамдын 39-беренесине ылайык аксакалдар сотторуна методикалык жана консултациялык колдоо көрсөтүү райондук, шаардык сотторго жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга жүктөлгөн.
Аталган мыйзам талабын аткаруу максатында 2024-жылдын 25-апрелинде сот имаратында Аксакалдар сотторунун мүчөлөрүнүн катышуусунда чоң окуу-семинары өткөрүлдү. Аталган мыйзамдын талаптары түшүндүрүлүп, кийинки өткөрүлүүчү практикалык жардамдын иш-планы бекитилген. Мына ушул иш-планга ылайык райондук сотто каралып жаткан талаш-тартыш боюнча жарандык иштердин, ошондой эле денеге залал келтирүү боюнча, анча оор эмес кылмыш иштердин кароосуна катышып, аксакалдар практикалык жардам алышкан. Ошондой эле райондук Аксакалдар сотторунун кеңеши жана кеңештин төрагасы, милициянын ардагер полковниги С. Жумаковдун жетегинде Кожомкул жана Сары-Өзөн айыл өкмөттөрүндө, Шопоков шаарында судьялардын, укук корго органдарынын катышуусунда форум, семинарлар болуп өттү. Аксакалдар соттору терең таасир алышты. Мындай иштиктүү иш-чаралар улана берет. Аксакалдар соту менен байланышыбыз канчалык чыңдалса, ошончолук ооматы болору иш жүзүндө далилденип калды. Элдин Аксакалдар сотуна болгон ишенимдери бекемделүүдө. Эриш-аркак алакабыз, баркыбызды бийиктетип жатат.
— Санариптешүүнүн алкагында жүргүзүп жаткан иштериңиздерден айтып кетсеңиз? Ооруңуздарды колдон, жеңилиңиздерди жерден алган заманбап технологиянын артыкчылыгына токтолуп кетүү ашыктык кылбас..
— Санариптешүү кечээги түйшүктөрдү ат чабым артка таштады. Мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилип жатат. Биз ушул багытта жарандардын сотко болгон кайрылууларын жеңилдетүү максатында санариптешүү мүмкүнчүлүгүн пайдалана баштадык. Кагаз түйшүгү өң тургай, түшкө кирбей калды. Жарандык, кылмыш, административдик иштер, арыз, даттануулар автоматташтырылды. Судьялар бардык ишти автоматташтырылган түрдө таанышат. Баягыдай саргайган кагаздарды барактап олтурмай адат калган. Убакыт текке кетпей, иш ыргагы кадимкидей чыңдалууда. Жарандарды сотко чакыруу, соттук териштирүүнүн орду, күнү, сааты жана жери жарандарга телефондук билдирүүлөр аркылуу жөнөтүлүүдө. Ошондой эле сот иштери боюнча сот жыйналыштарынын видео, үн жазуулары милдеттүү түрдө фиксацияланат. Бул соттук чыгымдарды азайтып, жарандардын сот өндүрүшү тууралуу өз убагында кабардар болушуна жана иштерди өз мөөнөтүндө мыйзам талабына ылайык ачык-айкын кароого жана мыйзамдуу чечим кабыл алууга жардам берет.
Сот тармагында кемчиликтер четтеп, чеки иштер сейректөөдө. Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик стратегияны ишке ашыруу иш-аракеттери үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө. Жогоруда баса белгилеп кеткенимдей, санариптешүү иштин ачык-айкындыгын камсыз кылууда. Санариптик технологияларды колдонуу жемишин берүүдө. Айталык, соттордун ишин жалпыга маалымдоо каражаттарына, расмий сайттарда чагылдыруу жанданып, пресс-конференциялар толук кандуу жетүүдө. Судьялардын жана сот тутумунун кызматкерлеринин кесиптик ишин иликтөө, жүрүм-турумдарынын тазалыгын сактоо, айталык, коррупцияга каршы моделин жана тиешелүү алгоритмин иштеп чыгуу илгериледи. Сот тутумуна келип түшкөн кайрылууларды, даттанууларды кароо жана талдоо жемишин берүүдө. Ошондой эле сот имараттарын жана залдарды видеокамералар жана башка техникалык заманбап каражаттар менен жабдуу иш-аракеттери илгерилөөдө.
— Абдуразак Эсентаевич, айыл өкмөттөрдүн демилгеси менен биргелешип өткөргөн иш-чаралар коомчулуктун колдоосуна ээ болууда. Ушул багытта сөздү уласак..
— Быйыл май айында Сары-Өзөн айыл өкмөтү тарабынан «Кылмыштуулуктун алдын алуу жана ага каршы күрөшүүдө жергиликтүү коомчулук менен мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсү» деген темада 2 укуктук форум болуп өттү.
Келген эл айтылган фактыларга кайдыгер карашпады. Жаш үй-бүлөлөрдүн жан дүйнөсүн козгоду окшобойбу. Форумдун алкагында жаш-карыга айта турган сөздөрүбүздү айтып алдык. Демек, үй-бүлө экинчи мамлекетибиз экенин эстен чыгарбайлык.
Айчүрөк Макешова