Мамлекет башчы Садыр Жапаров “Инвестициялар чөйрөсүндөгү башкаруу системасын өркүндөтүү жана Кыргыз Республикасынын инвестициялык потенциалын жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.
Жарлыкта республиканын экономикасына инвестицияларды, анын ичинен чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу, Кыргыз Республикасынын экономикалык саясатынын жана чет өлкөлөр менен өз ара пайдалуу экономикалык кызматташтыгынын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп эсептелет.
Ошондой эле, бул Жарлык менен Кыргыз Республикасынын президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору болуп Сабиров Равшанбек Азатович дайындалды.