Өлкө башчысы автомектептер боюнча айтылган сындарга жооп берди

28-январь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 76

Президент Садыр Жапаров автомектептерди мамлекеттик башкарууга өткөрүү жана айдоочуларды окутуу мөөнөтү боюнча «Кабар» улуттук маалымат агенттигине комментарий берди.

Мамлекет башчысы жеке автомектептердин басымдуу бөлүгү айдоочуларды сапаттуу даярдоого кызыкдар эмес экенин, алардын негизги максаты акча табуу экенин белгиледи.

Анын айтымында, мамлекеттик автомектептерде айдоочуларды окутуу үчүн бардык зарыл шарттар түзүлөт. Тактап айтканда, заманбап окуу базасы, жаңыланган техника жана квалификациялуу адистер болот.

Окутуу мөөнөтүнүн узартылышы боюнча айтылып жаткан нааразылыктарга токтолгон президент, узак мөөнөттүү окуу ар бир адамдын өзүнүн жана жакындарынын коопсуздугу үчүн маанилүү экенин баса белгиледи.

«Баасы кымбат болот имиш, 10 ай окутуу өтө узак” деген манипуляцияларды уюштуруп жатышат. Баасы анча деле кымбат болбойт, азыр эсептеп жатышат. Жүз миң, жүз элүү миң болот деген маалыматтар чындыкка дал келбейт. Ошондуктан жалпы элге айтаарым — анча-мынча жеке кызыкчылыктар үчүн элди дүрбөткүсү келгендерге кошулбагыла. Бир аз убакыттан кийин баары түз жана даңгыр жолго салынып кетет. Убакыт керек», — деди Президент.

28-январь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 76
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X