Өлкөдө 3 энергетикалык имарат пайдаланууга берилди

28-январь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 96

Өзгөн районунда энергетикалык үч объект пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Энергетика министрлиги маалымдады.

Маалыматка ылайык, объекттер кызматкерлердин эмгек шарттарын жакшыртуу, электр тармагындагы инфраструктураны жаңылоо жана калкты электр энергиясы менен туруктуу камсыз кылуу максатында курулган.

Өзгөн районунун Куршаб айыл аймагында жайгашкан «Куршаб» участкасында заманбап талаптарга жооп берген кызматтык имарат курулду. Долбоор «Кыргызстан улуттук электр тармактар» ААК тарабынан каржыланып, жалпы сметалык баасы 9 млн 670 миң сомду түздү. Курулуш иштерин «Азия Вей Групп» ЖЧКсы жүргүзүп, аткарылган иштердин наркы 7 млн 325 миң 690 сом болду.

Ошондой эле 110/35/10 кВ «Кара-Шоро» көмөк чордонунун экинчи этаптагы курулуш иштери аяктап, объект пайдаланууга берилди. Долбоордун сметалык баасы 13 млн 500 миң сомду түзүп, курулуш иштери чарбалык ыкма менен жүргүзүлгөн. Аткарылган иштердин фактикалык наркы 13 млн 462 миң 950 сомду түздү.

Мындан тышкары, «Салам-Алик» участкасы кызматкерлер үчүн ыңгайлуу эмгек шартын камсыз кылуу максатында курулду. Долбоордун жалпы сметалык баасы 9 млн 752 миң сом деп бекитилген. Курулуш иштерин «Вкрет-Мет» ЖЧКсы жүргүзүп, аткарылган иштер «Кыргызстан улуттук электр тармактар» ААК тарабынан каржыланып, жалпы наркы 8 млн 286 миң 300 сомду түздү.

28-январь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 96
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X