"Эркин-Тоо"

Өлкөдө жогорку ылдамдыктагы 5G интернети ишке кирет

КР Санариптик өнүктүрүү министрлигинин берген маалыматына ылайык, жакынкы күндөрү жогорку ылдамдыктагы 5G интернети өлкөнүн бардык аймактарында ишке кирет.

Учурда Кыргызстанда 4G байланышы өнүгүп жогорку чегине жете элек болгондугу менен, улуттук телекоммуникация тармагы байланыштын бешинчи мууну — 5G интернетин ишке киргизүү алдында турат. Жаңы технология маалымат алмашуудагы кыйынчылыктарды жоюуга, жасалма интеллектини киргизүүгө жана келечекте «акылдуу шаар», «акылдуу турак жай» долбоорлорун ишке ашырууга жардам берерин, өндүрүштүк процессти оптимизациялап, кеңсе, соода борбору жана башка социалдык, өндүрүштүк объектилердин ишин жеңилдетерин аталган министрлик билдирет.

Министрлик 5G технологиясын киргизүүгө төмөнкүдөй иш-чаралар аткарылышы керектигин маалымдады:

  • Учурдагы радиоэлектрондук каражаттан келечектүү тилкелерди бошотуу иштерин жүргүзүү;
  • Технологияны сыноо үчүн бир шаарды тандоо жана 5G технологиясына кызыккан уюлдук байланыштар менен сынап көрүү;
  • Калкка сапаттуу интернет жеткирүү боюнча мониторинг жүргүзүү.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!