Убададан ишке, курулуштан куттуу конушка

16-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Аналитика 136

Кудайдын кулагы сүйүнсүн. Кыргызстанда турак жай маселесин чечүү мамлекеттик саясаттын өзөктүү багыттарынын бирине айланып, Мамлекеттик ипотекалык компаниянын (МИК) курулуш иштери улам жаңы баскычтарга көтөрүлүүдө. Аз күн мурда Президент Садыр

Жапаров МИК тарабынан курулган Бишкек шаарындагы “Мурас” турак жай комплексинде сегизинчи блоктогу батирлердин ачкычтарын тапшыруу аземине катышып, кезекте турган жарандарды кубанычка бөлөдү. Ошол эле иш-чаранын жүрүшүндө онлайн форматта борбор калаабыздын Кара-Жыгач конушунда жайгашкан 105 батирлүү дагы бир блоктун ачылышы да болду.

Өлкө аймактарында жаңы турак жайлардын курулуп, батирлердин ачкычтары ээлерине тапшырылып жатышы, элдин эртеңки күнгө болгон ишенимин бекемдеп, кубанычка бөлөп жатат. Кечээ эле Нарында жаңы үйлөрдүн ачылышына катышып, жыл аягына чейин 20 миңден ашык батир берилерин билдирген Президент Садыр Жапаров бүгүн бул убадасынын уландысын Бишкекте көрсөттү.  “Өткөндө Нарын шаарына барып, Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан салынган дал ушундай турак жай комплекстерин тапшырууда жыл соңуна чейин өлкөбүздүн бир катар шаарларында, райондорунда жалпысы 20 миңден ашык батир өз ээлерине тапшырыларын айттым эле. Мынакей, бүгүн ошол айтылган батир тапшыруу кезеги кайрадан борбор калаабызга келген экен”- деди Президент.

Миңдеген адамдардын көптөн берки тилеги, күткөнү ушул күн эле. Алардын ар бири өз үйүнө ээ болду. Курулган ар бир үй бир үй-бүлөнүн үмүтү, эртеңки күнгө болгон ишеними эмеспи. Президенттин сөзүнүн салмагы, айтылган ар убаданын жөн эле жерден айтылбай, анын улам ай айланбай аткарылып жатканында болууда.Возможно, это изображение небоскреб

 “Өз үйү бар үй-бүлөнүн эртеңки күнгө ишеними бекем болот”

Бишкекте  “Мурас” турак жай комплексинин үчүнчү этабынын алкагында 1104, Кара-Жыгач конушундагы Бегматов көчөсүндө курулган дагы 105 батирлүү үй пайдаланууга берилди. Ошондо, жалпысынан ошол күнү  борбор калаада 1209 батир жаңы ээлерин тапты. Эсиңиздерде болсо, “Мурас” комплексинин алгачкы эки этабында буга чейин 2066 батир пайдаланууга берилген эле. Бүгүнкү 1104 батирди кошкондо, ком-плекстин үч этабында жалпы 3170 батирдин курулушу аяктады. Ал эми төртүнчү этапты 2027-жылдын июнь айына чейин бүтүрүү тапшырмасы коюлуп, анда дагы 1584 батир тапшыруу мерчемделүүдө. Ошондо, “Мурас” 39 блоктон турган, жалпы 4754 батирди камтыган ири турак жай комплексине айланат экен.

Бир кезде минтип миңдеген сандагы жаңы батирлердин берилгенин эмес, миңдеп кезек күткөндөрдүн гана санын карап, алардын этеги кайсыл жылы турак жай аларына айран таң элек. А бүгүн ар жылы миңдеген жарандарыбыздын үйлүү болгон кубанычына күбө болуп жатабыз. Берилген ар бир батирдин артында, жылдап үй күтүп келген үй-бүлө, балдарынын келечегин ойлогон ата-эне, өз алдынча түтүн булатып, турмушун түптөөгө умтулган жаш жубайлар турат. Мындай кубанычтарга ортоктош болгон Президент дагы: “Өз үйү бар үй-бүлөнүн эртеңки күнгө ишеними бекем болот”- деп, алдыда бул багыттардагы аракеттер токтобостугун белгиледи.

Акыркы маалыматтарга таяна турган болсок, бүгүнкү күндө өлкө боюнча МИК аркылуу 9371 батир пайдаланууга берилип, жарандар жаңы үйлөрүнө киришкен. Учурда компания өлкөнүн жети облусунда, Бишкектен Баткенге чейин, 65 объектте 83 миңден ашык батирдин курулушун жүргүзүүдө. Ал эми 2026-жылдын аягына чейин өлкөнүн шаарлары менен райондорунда 20 миңден ашык батирлер бүткөрүлүп, ээлерине тапшыруу максаты коюлган. Бул сандар турак жай саясатынын масштабы кеңейгенин көрсөтөт. Бирок, курулуштун мындай чоң көлөмү өзүнөн өзү эле маселенин толук чечилгенин билдирбейт. Анын негизги көрсөткүчү канча үй-бүлө чындап үйгө кирди, канча жарандын турак жайга жетүү мүмкүнчүлүгү кеңейди жана бул үйлөрдүн баасы элдин чөнтөгүнө канчалык төп келет ушунда турат. Кезекте тургандардын саны бул күндө 100 миңге жакындап баратат. Бул эмнени билдирет? Бул деген, мамлекеттин үй куруу жана аны тездик менен бүтүрүү аракетине болгон ишенимдеринин чоң экендигин, кала берсе бардык шарттары туура келээринен кабар берет. Ошондуктан, мындан аркы иште, батирлерди өз мөөнөтүндө бүтүрүү менен катар, ипотеканын шарттарынын жеткиликтүүлүгү, курулуштун сапаты жана жаңы конуштардын инфраструктурасы да чечүүчү мааниге ээ.Возможно, это изображение один или несколько человек

Үй-жайлуу адис өлкөнүн тиреги

Бишкектеги жаңы турак жайлардын ачылыш аземинде Президент Садыр Жапаров турак жай саясатынын социалдык, экономикалык жана стратегиялык маанисине да токтолду. Анын белгилешинче, жарандарды үй-жайлуу кылуу менен бирге, өлкө үчүн зарыл болгон тажрыйбалуу адистерди сактап калууга да шарт түзүлүүдө. “Мугалимдерибизди, дарыгерлерибизди, маданият ишмерлерибизди, башкача айтканда, тажрыйбалуу адистерибизди башка тармактарга же сыртка чыгып кетүүсүнөн сактап калып жатабыз. Анткени, өз үйү бар адис башка көйгөйү менен алаксыбай, бүткүл билимин, күчүн коомго жана мамлекетке жумшайт” — деп белгиледи Президент.  Бул, биз жашап жаткан коомдун өзөгүнөн, турмуштун өзүнөн алынган жүйөлүү ой. Өз жеринде үй-жайлуу болгон адистин мекенинде калууга, эмгектенүүгө жана үй-бүлөсүнүн келечегин ушул жерде курууга ынтызарлыгы артары шексиз. Айрыкча, турак жайга муктаж жаш үй-бүлөлөр, бюджеттик мекемелердин кызматкерлери жана чет жерде кара жумушта жүргөн мекендештер үчүн мындай мүмкүнчүлүктүн мааниси чоң. Мындан тышкары, курулуш тармагынын жанданышы ата мекендик курулуш материалдарын өндүрүүчүлөргө, ташуучуларга, долбоорлоочуларга жана башка көптөгөн ишканаларга да дем берет. Жаңы жумуш орундары түзүлүп, экономикалык айлампага кошумча күч кошулат. Муну да баса белгилеп айта кетишибиз абзел. Бир мамлекеттин кубаттуу пайдубалы, күчтүү экономикасы, биримдиктүү эли, жигердүү жаштары мына ушундан башталат…Возможно, это изображение один или несколько человек, толпа и текст

 Курулуштун ылдамдыгы сапат менен коштолсун

Курулуп жаткан “Мурас” комплексиндеги батирлеринде, дегеле мамлекет тарабынан салынып жаткан бардык турак жайлардын ички жасалгалоодон өткөрүлүп, ысык-муздак суусу, канализациясы, электр энергиясы жана газ менен камсыздоо сыяктуу инженердик шарттар каралып жаткандыгы, кала берсе көз жоосун алган сырткы көрүнүштөрү да ич жылытат. Мындай шарттар, жаңы конуштардын жашоого ыңгайлуу болушу үчүн да маанилүү. Эми жаңы үйлөрдүн узак мөөнөттүү сапаты, инженердик тутумдардын үзгүлтүксүз иштеши, короо-жайдын тазалыгы жана тургундардын коопсуздугу туруктуу көзөмөлдө болууга тийиш. Мамлекет үй куруп, ачкычын тапшырса, анын баркын билүү, сактоо жана куттуу конушка айландыруу тургундардын да милдети. Ошол эле кезде курулушту жүргүзгөн тараптын дагы жоопкерчилиги батир берилген күнү менен чектелбеши керек. Президент да жаңы үй ээлерине турак жайына аяр мамиле кылууга, тазалыкты жана тартипти сактоого чакырды.

Нарында башталган жакшы саамалык Бишкекте улантылып, Президенттин элди үй-жайлуу кылуу мүдөөсү дагы бир ирет иш жүзүндө көрүндү. Нарындан борбор калаага чейин жаңырган бир аптадагы курулуш жаңылыктары,  өз үйүн күтүп жүргөн үй-бүлөлөр үчүн чоң кубаныч, эртеңки күнгө болгон ишеним болсо, калган кезектегилер үчүн алдыдагы чоң үмүттүн жаркырап жанышы десек болот. Эми эң маанилүүсү,  айтылган 20 миңден ашык батир куруу максатты өз мөөнөтүндө ишке ашырып, турак жайга чындап муктаж болгон жарандарыбыз үчүн жеткиликтүү кылууда калды. Жараткан ушундай жакшы тилектерибиз менен бизди алдыга жетелей берсин.

Күнболот Момоконов

16-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Аналитика 136
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X