"Эркин-Тоо"

Өзбекстанда кылмыш кылып, Ошто жашынып жүргөн Кытай жараны кармалды

Коңшу Өзбекстандын аймагында кылмыш жасап, ал жактан изин жашыруу максатында Кыргызстанга мыйзамсыз өткөн Кытай жараны кармалды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Билдирүүгө ылайык, кармалган жаран 44 жаштагы Чж. Д. Бул чет өлкөлүк жаран коңшу Өзбекстанда кылмыш ишин жасап, жашырынуу максатында Ош шаарындагы мейманканалардын биринде жашынып жүргөн.

Ал кылмыш-жаза кодексинин 378-беренесинде (Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү) көрсөтүлгөн кылмыш белгилери боюнча шектүү катары убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда бул факты боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!