Өзбекстанда сел жүрүп төрт адамдын өмүрүн алды
Өзбекстанда Фориш району жана Жизак облусунда нөшөрлөп жааган жамгырдан улам сел жүрүп, бир топ социалдык объектилер, турак-жайлар, айыл-чарба жерлери жабыркады. Бул тууралуу Өзбекстандын өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Ага ылайык, 20-апрель күнү болгон сел 4 адамдын өмүрүн алган. Маалыматта жаан тынбай 2 саат жааганы жана бул бир жылдык норманын 10 пайызын түзгөнү айтылды.