Садыр Жапаров Армениянын Премьер-министри Никол Пашинян менен бетме-бет форматта сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 17-октябрда, Ереван шаарында Армения Республикасынын Премьер-министри Никол Пашинян менен бетме-бет форматта сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар саясий диалогду чыңдоого, соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүүгө жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга өзгөчө көңүл буруп, кыргыз-армян кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулашты.

 

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X